Кирүү | Катталуу

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Калем жана Ыйман” долбоорунун алкагында “Сөз жөнүндөгү сөз” китеби жарыкка чыкты. Китеп окумуштуу, жазуучу Сулайман Рысбаевге таандык.



“Сөз жөнүндө сөз” китебинде автор сөздүн күчүн, маанисин, жашоодогу ролун, сөздүн ыйыктыгын, эне тилибиздин керемет сырларын, тилдин адам рухундагы ордну, анын адамдын жан дүйнөсү, жүрүм-турум маданияты менен ажырагыс бирге экендигин сыпаттап берген.

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты


Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында: “Китепте элдик этиканын жандуу үлгүлөрүн чагылдырган мындай сөздөр окумуштуу, мугалим жана илимпоздорду гана эмес, жалпы эле тил дүйнөсүнө кызыккан окурмандарды кайдыгер калтырбайт”.

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты


Сөздү бир гана сүйлөөгө колдонуу эмес, анын улуу тарбиячы, акылман насаатчы, мыкты мугалим катары бааланган. Китептин биринчи бөлүгүндө сөз жөнүндө этюддар жазылган. Сөз адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз жетиштүү болот. “Сөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт” деген бекеринен айтылган эмес.

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты

“Сөз жөнүндө сөз” китеби жарыкка чыкты


Фонддун колдоосу менен жарыкка чыккан китеп “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында даярдалып, 2018-жылдын январь айында басыктан, 1000 нускасы чыкты.

12-01-2018, 12:47 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top