Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков ТИКАнын Кыргызстандагы директору Али Муслу менен жолугушту

“Ыйман” фондунун төрагасы  Нуржигит Кадырбеков ТИКАнын  Кыргызстандагы  директору Али Муслу менен жолугушту

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков 24-январда Түркиялык кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы директору Али Муслу менен жолугушту.


Анда алар агартуу жана адамды руханий-интеллектуалдык жактан өнүктүрүү багытындагы кызматташуунун келечегин талкуулап, пикир алмашышты.
Нуржигит Кадырбеков ТИКА уюмунун директору менен болгон пикир алышууда Түркия тарапты өлкө аймагындагы имамдарды, диний окуу жайлардын жетекчи өкүлдөрүн окутуп, алардын билим деңгээли менен тажрыйбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн чын дилинен ыраазычылыгын билдирди. “Мындан ары дагы кызматташууну сапат жагынан бекемдеп, жемиштүү натыйжаларга жетишсек болот”, - деп бекемдеди.

“Ыйман” фондунун төрагасы  Нуржигит Кадырбеков ТИКАнын  Кыргызстандагы  директору Али Муслу менен жолугушту


ТИКА уюму Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта баштан. Азыркы учурда экономика, соода жүргүзүү, жаңы техникалар менен технологияларды алып келүү, агартуу тармагын күчөтүү жана социалдык тармактардын сапатын жакшыртуу багытындагы долбоорлор менен программаларды ишке ашырып келет.

Өз кезегинде ТИКА уюмунун Кыргызстандагы директору Али Муслу фонддун жамаатына ийгиликтерди каалады. “Мындан ары дагы кыргызстандык боордоштордун руханий-интеллектуалдык жактан өсүп-өнүгүүсүн камсыздап, агартуу тармагына, коомчулукту жакшы багытка умтулуусуна салымыңыздарды кошо бериңиздер. Келечекте ушул багытта мындан дагы сапаттуу, натыйжалуу жетишкендиктерди бирге аткарып, тыгыз кызматташарыбызга ишенем”, - деген оюн билдирди.

26-01-2018, 16:53 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top