Кирүү | Катталуу

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”

“Ыйман” фонду 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...” темасында семинар жолугушуу өткөрдү.

Семинар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлери үчүн болду. Иш - чара Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, “Кыргыз тили” республикалык коомунун президенти Раимжан Курбановдун адабий-поэзиялык жолугушуу катарында өттү.

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”


Жолугушууда тил кадыры, эл тагдыры тууралуу орчундуу ойлор айтылды. “Башка тилдерди өздөштүрүүнү четке какпагыла, бирок ар бирибиз үчүн эне тилибизди бийик даражага коюп, өзгөчө терең билүү ыйык милдетибиз”- деп жаш жоокерлерге Раимжан Курбанов кайрылды.

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”


Иш-чаранын жүрүшүндө Раимжан Курбанов мекен сакчыларына кыргыздын белгилүү акын-жазуучуларынын мекен, тил, ата-эне жана жаштык тууралуу ырларын көркөм окуп берүү менен билим, тил үйрөнүү, максат коюу тууралуу пайдалуу кеңештерин айтып өттү.

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”

20-02-2018, 10:55 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top