Кирүү | Катталуу

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду “International Alert” уюму менен өнөктөштүктө 2017-жылдын февраль айынан баштап Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоорун ишке ашырып жатышат.

“Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу” долбоору Кыргыз Республикасында дин жана демократия боюнча ачык пикир алышууга багытталган. Пикир алышуунун темалары дин тутуу эркиндигине жана ишенимдерге, адамдын жашоосундагы диндин ролуна, мамлекеттик жана диний институттардын ортосундагы байланышка, мамлекеттин динге карата мамилесине багытталган.

Долбоордун алкагында «КРдагы диний кырдаалды позитивдүү жакка өнүктүрүүгө салым кошуучу диний кызматкерлердин дараметин жана билимин жогорулатуу» окутуу программасы ишке ашырылууда.

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда


Окутууну 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүү пландаштырылууда. Окутуу программасы 36 саатан туруп 12 предметти өзүнө камтыйт жана төмөндөгү темаларды карайт:мамлекет, мыйзам жана дин; дин жана улуттук маданияттын гармониясы, азыркы коомдогу толеранттуу диний-маданий көп түрдүүлүк боюнча сабак, исламдык укуктук маданият жана адамдык баалуулуктар, күч колдонулган экстремизм жана терроризмдин идеялогиялык карама-каршылыгы жана адашуулар ж.б.

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда


Окутуу программасынын башынан бери (2017- жылдын июль айы) 9 алты күндүк семирнарлар өткөрүлүп, 800дүн тегерегинде өлкөнүн имамдары окууудан өтүштү. Семинарлар имамдардын демократиялык коомдо диндин ролун түшүнүү, диний лидерлердин ортосунда жана жалпы мамлекет менен коомдо ишенимди бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Өткөрүлгөн сабактар боюнча тестирлөө жүргүзүлөт жана семинардын акырында имамдар катышкандыгы жөнүндөгү сертификатка ээ болушат.

Кезектеги семинар 2018- жылдын 26-февралынан 3-мартка чейин Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт.
Окутуулар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү 2014-2020 жылдардагы концепциясынын ишке ашырылуусуна көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп коюу керек.

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда

27-02-2018, 13:59 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top