Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду менен КМДБ аялдарга дин негиздерин үйрөтүү боюнча бирдиктүү иш алып барышат.

«Ыйман» фонду менен КМДБ аялдарга дин негиздерин үйрөтүү боюнча бирдиктүү иш алып барышат.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө "Ыйман" фонду жана КМДБ биргеликте аткара турган өлкө аймагындагы аялдардын диний билим деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорду талкуулашты.



Аталган долбоор аймактардагы аялдардын ар кандай туура эмес багыттагы диний агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу жана аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу аркылуу экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү.

"Албетте, аялдардын коомдогу орду ат көтөргүс. Сабаттуу коом курабыз десек, эң ириде энелер сабаттуу болуусу абзел. Эне-мамлекеттин эң кичине ячейкасы болгон үй бүлөнүн агартуучусу. Ошондуктан энелер сабаттуу болуусу шарт жана заман талабы",- деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга жана долбоорду биргеликте ишке ашырууга макулдашышты.
Эске сала кетсек, "Ыйман" фонду жана КМДБ буга чейин да бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келген.

12-03-2018, 21:33 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top