Кирүү | Катталуу

“Китеп camp” жарманкеси өттү

“Китеп camp” жарманкеси өттү

17-18-март күндөрү “Ыйман” фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” жана “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында Ош шаарында “Китеп camp” (Китеп кэмп) жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге 2 күндө 1000 ге жакын жаштар катышты.




Иш - чаранын негизги максаты жарандарды китепти көп окууга ундөөгө багытталган жана ошондой эле китептин кадырын жогорулатуу, коомубуздун китеп сатып алуу маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Жарманкеге балдар китеби, экономикалык, психологиялык, диний, көркөм - адабий чыгармалар жана башка кызыктуу китептер коюлду.

“Китеп camp” жарманкеси өттү

“Китеп camp” жарманкеси өттү


Жарманкеге учурунда белгилүү журналист, коомдук ишмер, Шаардык кеңештин экс депутаты Нуркыз Кадырбек кызы менен жазуучу, котормочу, “Жазуучулар союзунун” мүчөсү Куштарбек Кимсанов кызыктуу темаларга лекция өттү. Андан сырткары каллиграфия, мехенди, кагаздан гүл жасоо ж.б.боюнча мастер класстар көргөзүлдү.

“Китеп camp” жарманкеси өттү


Ал эми экинчи күндүн өзгөчөлүгү “Ыйман” фондунун тарабынан тартылган “Эксперимент” аттуу тарбиялык мааниси терең кыска метраждуу тасмасынын бет ачаары болду.

“Китеп camp” жарманкеси өттү


Эске сала кетсек, “Ыйман” фонду региондорду өнүктүрүү жылына ылайык жаштар арасында китеп окуу маданиятын көтөрүүгө багытталган бир канча иш – чараларды өткөрүп келет.

“Китеп camp” жарманкеси өттү

“Китеп camp” жарманкеси өттү

22-03-2018, 09:25 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top