Кирүү | Катталуу

Аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору ишке ашууда

Аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору ишке ашууда

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты концепциясынын диний радикализмди жана экстремизмди алдын алуу бөлүмүндө өлкөдөгү абал «Көптөгөн экстремисттик диний уюмдар негизинен жаштарга жана аялдарга багыт алышат, бул коомдук коопсуздукка жана үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктарга коркунуч жаратат» деп мүнөздөлүп, бул багытта «мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдардын, жарандык коом институттарынын жаштар менен аялдардын арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүсү өзгөчө актуалдуу болууда» деп айтылган. Аталган бөлүмдүн приоритеттеринде «Диний экстремизмдин алдын алууда негизги маани билим берүү, агартуу иш-чараларына, радикалдашуунун баштапкы себептерин талдоого жана жоюуга берилиши керек» деп белгиленген.

Аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору ишке ашууда


«Ыйман» фондунун кезектеги «Эне аман - бала аман, эл аман» долбоору аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу өлкөдөгү экстремисттик жана радикалдык агымдарга бөгөт коюуну, элдин арасында биримдикти сактоону, үй-бүлө институтун бекемдөөнү жана адеп-ахлактуу жарандардын тарбиялануусуна салым кошууну максат кылат. Долбоор тренер айымдарга тренинг уюштуруу жана алардын аймактардагы атайын макулдашылган коомдук жайларда аялдарга диний билим берүүсү менен ишке ашат.

Аталган долбоор Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК ), Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) жана «Ыйман» фонду менен биргеликте уюштурулууда.

Аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору ишке ашууда


Долбоордун алкагында тренер айымдарды даярдоо үчүн алгачкы семинар 19-20-21-июль күндөрү ОшМУ нун теология факультетинде өткөрүлүүдө. Долбоорго өлкөнүн жети облусунан катталгандардын арасынан конкурс менен тандалган 37 айым семинарга чакырылды. Семинарда теология илимдеринин докторлору жана КМДБ, ДИМК, КР ИИМдин экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү сабак өтүүдө.

Аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору ишке ашууда

20-07-2018, 13:21 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Август 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top