Кирүү | Катталуу

Август айында кылынган иштер боюнча отчет

Август айында кылынган иштер боюнча отчет

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду

Август айында кылынган иштер боюнча отчет

02.08.2018 – "Ыйман" фондунун төрагасы Н. Кадырбеков Ыссык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы балдар үйлөрүнүн мугалим-тарбиячылары менен жолугуп, “Адам акысы: жетимдин акысы” деген темада маек курду;

13.08.2018 – Нуржигит Кадырбеков КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен зомбулук, адам акысына кирүү, суицид сыяктуу көрүнүштөрдүн зыяндуу акыбети тууралуу “Аскердеги адеп” темасында семинар өттү;

14.08.2018 – Н. Кадырбеков Узарбек Жылкыбаевти Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы элибиздин руханий жана интеллектуалдык дөлөттөрүн көтөрүү багытында кызматташуу боюнча баарлашты;

14.08.2018. «Эне аман – бала аман, эл аман» аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу доолбоорунун тренер айымдарды даярдоо боюнча 3 күндүк 2-семинары башталды.

14.08.2018 - КРнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн офицер-жоокерлери менен жолугушуп, зомбулук, суицид сыяктуу терс көрүнүштөрдүн зыяндуу акыбети, экстремизм, терроризм жана анын себептери тууралуу семинар болду;

14.08.2018 - Нуржигит Кадырбеков Таалайбек Насирбековичти Ош шаарынын мэри болуп бекитилиши менен куттуктап, элибиздин руханий дараметин көтөрүү багытындагы иштер боюнча баарлашты;

14-16.08.2018. «Эне аман – бала аман, эл аман» аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу доолбоорунун тренер айымдарды даярдоо боюнча 2-семинары 14-15-16-август күндөрү (Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы) «Ала-Тоо» медресесинде болуп өттү.
Семинарда «Акыйда» (актуалдуу маселелер) Калбердиев Абдилазиз, ОшМУ Теология факультети, теология илимдеринин доктору; «Ислам укугу/Фыкх» (актуалдуу маселелер) Мырзаибраимов Самаган, ОшМУ Теология факультетинин деканы, теология илимдеринин доктору; «Жергиликтүү бийлик органдары жана коом менен иштешүү методдору» Эргешов Зайырбек, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору; «Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат» , Турсунбеков Замир, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү; «Лидерликти өнүктүрүү» Санжарбек Тажиматов, КыргызРеспубликасынын Президентинин Аппаратынын Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн эксперти; «Оратордук чеберчилик» Нуржигит Кадырбеков, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы интерактивдүү сабактар өтүлдү.

20.08.2018 – Долбоор боюнча координатор Т. Өкөнбаева Ош шаарындагы "Классик" мейманканасында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу менен), Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, “Мутакаллим” мусулман аялдар прогрессивдүү-коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Кыргызстандагы лидер аялдардын биригүүсү” форумуна катышып, «Ислам тарыхындагы белгилүү айымдар» аттуу баяндама жасады;

21.08.2018 – Фонд төрагасы СТВ телеканалында Курман Айт майрамына карата даярдалган эфирде конокто болду;

23.08.2018 – Долбоор боюнча координатор Т. Муратбеков ВВС Кыргыз кызматынын "Жаштар берүүсүндөгү” талкууга катышты;

24.08.2018 – Фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков 5-каналдагы “Күнөзөк” программасында учурдагы диний кырдаал тууралуу талкууга катышты.

28.08.2019 - Спутник-Kyrgyzstan маалымат агенттигинде Н. Кадырбековдун “ЭКСТРЕМИЗМДИН ИДЕОЛОГИЯЛЫК СЫЙЫРТМАГЫ ЖЕ АЛА КУШТУ АТЫНАН АТАЙЛЫ” деген макаласы жарыяланды;

30.08.2018 - Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Радиосунун "Пейил жана адеп" аттуу талкуу-программасына катышты;

30.08.2018 - "Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы" аталышындагы КТРКнын "Ой-ордо" программасында фонд төрагасы сөз сүйлөдү;

31.08.2018 - "31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө" карата борбордук "Ала-Тоо" аянтында чоң салтанат өтүп, ага фонд төрагасы жана кызматкерлери катышты


Август айында кылынган иштер боюнча отчет

5-09-2018, 10:50 | Категория - Башкы бет, Отчет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top