Кирүү | Катталуу

"Сабатсыздык менен караңгылыктан өткөн жакырчылык жок"


“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “International Alert” уюму менен биргеликте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоорун алкагында окутуу активдүү уланып жатат. Семинар, коомдук пикир алышуу, дин тутуу эркиндигинде байланыш жана диндин адам жашоосундагы ролу, мамлекеттик жана диний уюмдардын өз - ара байланышын, улуттук стратегиянын диний чөйрөдөгү маселелерин окутууга багытталган.

Долбоордун алкагында, Ыйман фонду тарабынан пландалган 23 семинардын 15и өттү. Бул семинарда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун имамдары окушту. 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгында жана 2019-жылда Талас жана Чүй облусунун имамдары окутулат.

"Сабатсыздык менен караңгылыктан өткөн жакырчылык жок"


Семинардын катышуучулары дайым диний билим албастан, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты, укутар жана жоопкерчилик тууралуу, маданият жана улуттук баалуулуктар жана ошондой эле жергиликтүү бийлик менен иш алып барууда кесиптик деңгээлди көтөрүп туруу актуалдуу экендигин белгилешти. Ушул билимдерди алуунун керектигин имамдар, азыркы жашоодогу чындыкты чагылдыраарын жана өтө зарыл экендигин айтышты. Анткени, имамдар өзүнүн жашаган жериндеги жашоочулардын маселелерин чечүүдө түздөн - түз байланышы бар.

"Сабатсыздык менен караңгылыктан өткөн жакырчылык жок"


17-сентябрдан 22-сентябрга чейин, Чолпон-Ата шаарында 6 күндүк семинар өтүү. Аталган семинарда Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облуснунан, жалпысынан 78 имам катышты.

Эскерте кетсек, окутуу 2014-2020 жылдагы КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциянын алкагында жана КМДБнын колдоосу менен өтүп жатат.

1-10-2018, 11:55 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top