Кирүү | Катталуу

Зайырбек Эргешов: «Имамдардын жоопкерчилиги жогорулады»

Зайырбек Эргешов: «Имамдардын жоопкерчилиги жогорулады»

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “International Alert” менен өнөктөштүктө Европа Биримдиги каржылаган «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорун ишке ашырууну улантат. Долбоордун максакты- дин жана дин тутуу эркиндиги, диндин адамдардын жашоосундагы ролу, мамлекеттик жана диний мекемелердин кызматташуусун жана диний суроолор боюнча мамлекеттин улуттук стратегиясы боюнча ачык пикир алышууну колдойт.



8нен 13нө чейин Жалал- Абад шаарында облустун имамдарына кезектеги 6 күндүк семинар өткөрүлөт.

«Ыйман» фондусу пландалган 23 семинардын буга чейин 15 өткөрүлгөн. Аларда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын имамдары катышкан. 2018-жылдын акырына чейин жана 2019-жылы окутууну Талас жана Чуй облустарынын имамдары өтүшөт. Жалпы семинарларга 1200 имам катышат. Ушул семинарлар Кыргыз Республикасынын 2014–2020-жылдардагы дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын колдоосун менен ишке ашырылууда.


Зайырбек Эргешов: «Имамдардын жоопкерчилиги жогорулады»


Семинардын катышуучулары өздөрүнүн дараметин дайым жогорулатууга багытталып жатканын семинарлардын маанилүүлүгүн билдиришүүдө, ал жерде диний билимден тышкаары дин чөйрөсундөгү мамлекеттик саясат, дин кызматкерлеринин этикасы, жергиликтүү коомчулуктагы чыр-чатактардын алдын алуу жана чечүү, өзгөчө кырдаалдагы коопсуздуктун негиздери боюнча билим алышууда. Андан тышкаары жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуунун заарыл жана пайдалуу экендигин, дин жана дүйнөлүк илимдин байланышы боюнча түшүнүшүүдө.

Имамдарын айтуусунда семинарларда алынган билимдер маанилүү, анткени ал билимдер заманбап коомдун реалдуулугун чагылдырат, анткени имамдар өздөрүнүн коомчулугунда жашоочулардын көйгөйлөрүнүн борборунда.

Зайырбек Эргешов: «Имамдардын жоопкерчилиги жогорулады»


Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Коргон мечитинин имамы Шарипов Рашидбек - «Өзгөчө «Улуттук маданият жана диндин гармониясы» сабагын белгилегим келет, сабактын жүрүшүндө биз өзүбүзгө кээ бир ачылыштарды жасадык жана дин менен улуттук маданияттын горманиясынын ар кандай аспектилери жөнүндө кеңири түшүнүк алдык». Андан тышкаары толеранттуулук жана конфессиялардын тарыхы сабагы кызыктуу болду, бул сабактан биз жакшы мамилелерди түзүүнүн принциптерин билдик жана башка диндерди жана алардын идеологиясын изилдедик. Өзгөчө кырдаалда коомчулукта кандай иштерди жасаш керек жана аларга кайсыл маалыматты жеткиркирүү керектигин деталдуу карап чыктык.

Зайырбек Эргешов: «Имамдардын жоопкерчилиги жогорулады»


Эргешов Зайырбек Жолчуевич- дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору. Долбоордо ал «Дин кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана жашоочулар менен кызматташууну уюштуруу» сабагынын мугалими.

«Азыркы окутуу этабында диний жана секулярдык сабактардын теңдиги сакталган жана ал өзүнүн оң натыйжаларын берүүдө. Биринчи кезекте имамдардын жоопкерчилиги жогорулады, эми имамдар өздөрүнө келгендерге диний суроолордон тышкаары мамлекеттин диний суроолорду жөнгө салуу боюнча аракеттерин түшүндүрүшөт. Окуудан өткөн имамдар аркылуу бул билимдер жергиликтүү коомго жайылууда жана жакшы бааланууда. Бунун баарын биз имамдардын жасаган жумуштарыннын негизинде ай сайын берилүүчү отчетторунан көрүп жатабыз. Имамдардын окууга ынтызаарлыгын жана чоң калоолорун белгилеп кетүү керек, бул дагы жакшы көрсөткүч. Семинар имамдардын жергиликтүү деңгээлде кабылып жаткан кыйынчылыктарын, көйгөйлөрүн мугалим катары катышкан мамлекеттик органдарга айтууга мүмкүнчүлүк берген айянтча болуп саналат. Бул пикир алышууну жакшыртуу жана мамлекеттик органдарган болгон ишенимди жогорулатууга эң жакшы мүмкүнчүлүк».

9-10-2018, 11:20 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top