Кирүү | Катталуу

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун сентябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалыматы

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун сентябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалыматы



“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду

Фонддун сентябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалымат

10-14.09.2018 – Фонддун өкүлдөрү Н. Кадырбеков жана М. Жолдошов Варшава шаарында ЕККУ тарабынан уюшулган “Лидерлер зордукчул экстремизмге, радикализмге жана терроризмге каршы” аттуу окуу-семинардан өтүштү;

14.09.2018 – Н. Кадырбеков 5-каналдагы “Ойбүгүн” программасында “Той-мааракелерге мораторий керекпи?” аттуу талкууга интернет аркылуу катышты;

18.09.2018 – "Ыйман" фондуна 2018-2019-окуу жылына карата ыктыярчыларды кабыл алуу конкурсуна старт берилди;

18.09.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Марва ТВ” каналынын “Таң берекеси” программасында “Ата-энеге мамиле” темасында маек курду;
https://www.youtube.com/watch?v=G_sr-7iHkVg&t=34s

19.09.2018 - Super.kg порталында фонддун төрагасы Н. Кадырбековдун мамлекеттик тойлорду кыскартуу тууралуу пикир-макаласы жарыяланды;
https://www.super.kg/kabar/news/245843/

20.09.2018 - Азия News басмасында жана kyrgyztoday.org, chagylgan.kg маалымат порталдарында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбековдун: “Мектептерге дин сабагын киргизбесек, анда элибиз чала молдолорго алдана берет” аталышындагы сукпаты жарыяланды;
http://kyrgyztoday.org/news_ky/nurzhigit-kadyrekov-kr-prezidenttin-aldyndagy-yjman-dinij-madaniyatty-onukturuu-fondunun-toragasy-mektepterge-din-sabagyn-kirgizbesek-anda-elibiz-chala-moldolorgo-aldana-beret/

21-23.09.2018 – “Мүрөк-К” коомдук бирикмесинин чакыруусу менен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун жергиликтүү тургундар менен "Адеп державасы" жана "Коррупциясыз коом" деген темада жолугушуусу болду;

23.09.2018 – "ШАНС" китеп дукөнү, "NUR" академиясы жана "Чыгыш адабияты жана искусствосу" Басма компаниясы уюштурган китептердин бет ачарында “Ыйман” фондунун “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында басылган Жусуп Баласагындын “Кут билим” (Кубанычбек Басылбековдун которуусундагы) чыгармасын долбоор боюнча координатор Табылды Муратбеков презентация кылды;

24.09.2018. КРИСП эл аралаык уюму уюштурган мектеп окуучуларынын жана аймактардагы жаштар комитеттеринин өкүлдөрүнүн «Тынчтык куруучулары» аталышындагы долбоорлорунун тегерек столуна фонддун өкүлү Турдугүл Өкөнбаева катышты;

26.09.2018 – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Көрөңгө" китеп дүкөнүнүн чакыруусу менен "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун шаарыбыздагы жогорку окуу жай студенттерине "Өзгөрүүнү өзүңдөн башта" деген темада семинары болуп өттү;

27.09.2018 - “2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планын” аткаруунун алкагында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерининин “Мамлекет жана дин” деген темада жолугушуусу болду;

29.09.2018 – Аксы районун Кербен шаарындагы “Билимканада” жана Мукур айылындагы Калматов атындагы орто мектепте “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында фонддун төрагасынын катышуусу менен “Адеп, ыйман жана билим” семинары болуп өттү;

30.09.2018 - "Ыйман" фондунун "Медиа мейкиндик" долбоорунун алкагында тарбиялык мааниси чоң "Апельсин", "Бийик чоку", "Узак жол", "Кайтуу", "Кезек" кыска метраждуу тасмалары даяр болду.

12-10-2018, 12:53 | Категория - Башкы бет, Отчет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top