Кирүү | Катталуу

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун октябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалымат

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун октябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалымат

Октябрь айындагы кылынган иштер тууралуу маалымат

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду

Фонддун октябрь айындагы ишмердүүлүүгү тууралуу маалымат


01.10.2018 – “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алмашуу” долбоору боюнча имамдар үчүн китеп басмадан чыкты;

06-07.10.2018 – "Ыйман" фондунун "Китепкөй улут" долбоорунун алкагында "Шанс" китеп дүкөнү менен биргеликте эки күндүк "Китеп_камп" китеп окуу лагери өттү;

06.10.2018 – “Инсандык Өнүгүү” студенттик клубунун чакыруусу менен долбоор боюнча координатор Т. Муратбеков “Бир аптага бир китеп” долбоорунун катышуучуларына семинар өттү;

06-07.10.18 – Ош шаарында “Китепкөй улут” долбоорунун алкагында эки күндүк “Китеп camp” лагери өттү. Лагерде китеп окуу саатары, кофе-брейк, кино (“Ыйман фондунун”) көрүү жана Н. Кадырбекова, Ч. Таалайбеков менен китеп, адабият жана ийгиликке аракет кылуу боюнча эркин баарлашуу болду;

06.10.2018 – Фонд төрагасы Н. Кадырбеков “Китеп камп” китеп окуу лагеринин катышуучуларына семинары болду;

08-13.10.2018 - “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алмашуу” долбоору боюнча Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облустунун имамдары үчүн өткөрүлгөн семинар, семинарга 61 имам катышты;

09.10.2018 - Фонддун өкүлү Т. Муратбеков “Марва” телеканалынын "Таң берекеси" программасынын түз эфиринде “Китеп окуу маданияты” тууралуу маек курду;

10.10.18 – “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында Кара – Кулжа р. Биринчи Май айылынын Токтогул, Субанов атындагы мектептеринин окуучулары жана мугалимдери менен Нуркыз Кадырбекова жолугушту;

15.10.2018 - "Ыйман" фондунун "Медиа мейкиндик" долбоорунун алкагында тартылган тарбиялык мааниси чоң "Апельсин" кыска метраждуу тасмасы КТРКдан "Тагдыр таалимдери" программасында көрсөтүлдү;

16.10.2018 - "Ыйман" фондунун "Медиа мейкиндик" долбоорунун алкагында тартылган тарбиялык мааниси чоң "Бийик чоку" кыска метраждуу тасмасы КТРКдан "Тагдыр таалимдери" программасында көрсөтүлдү;

09-12.10.2018 - "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өткөн "Дүйнөлүк жана салттуу диний лидерлердин 6-Курултайына" катышып, сөз сүйлөдү;

12.10.2018 – “Мы Волонтеры Кыргызстана” уюмунун чакыруусу менен долбоор боюнча координатор Т. Муратбеков “Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен маектешти;

13.10.18 – “Китепкөй улут” долбоорунун алкагында Б. Байтикованын Ош шаарынын студенттери менен жолугушуусу болду;

15-18.10.2018 – "Эл аралык толеранттуулук үчүн” уюмунун чакыруусу менен "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун айыл тургундары, мектеп окуучулары жана ата-энелер менен жолугушту;

19.10.2018 – “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында жана “КРИСП” эл аралык уюмунун колдоосу менен фонд төрагасы Нуржигит Кадырбеков Өзгөн районунун мектеп окуучулары жана медресе тарбиялануучуларына семинар өттү;

20.10.2018 – Өзгөн шаарында жергиликтүү бийликтин колдоосу менен “Мекенибиз жүзүбүз. Жүзүмө түкүрбө, мекендешим!” акциясы өттү;

20.10.2018 – Ош технологиялык университетинде “Китепкөй улут” долбоорунун алкагында фонд төрагасы Н. Кадырбековдун студенттер менен жолугушуусу өттү;

20-21.10.2018 – "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун 2018-2019 окуу жылына ыктыярчыларды кабыл алуу боюнча жаңы ыктыярчылар менен баарлашуу болду;

22.10.2018 – "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында "Балыкчы жаштар ынтымагынын" чакыруусу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мектеп мугалимдери, ата-энелер жана окуучулары менен жолугушту;

24.10.2018 – “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун координатору Т. Муратбеков "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун ыктыярчылары менен баарлашты;

24-26.10.2018 – “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата жана “Интеллектуадык инвестиция” долбоорунун алкагында фонд төрагасы Н. Кадырбеков Жалал-Абад облусунун Сузак, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында болуп, студент, мектеп окуучулары, ата-энелер менен жолугушуп, тематикалык семинарлары болду;

25.10.18 – “Ыйман” фондунун Түштүк регион боюнча өкүлчүлүгүнө ыктыярчыларды расмий кабыл алуу болду. Жаңы кабыл алынга ыктыярчыларга фонд боюнча маалымат, ыктыярчылык милдет жана артычылыктары боюнча маалымат берилди;

26.10.2018 – Нуржигит Кадырбеков Жалал-Абад МТРКсынын таңкы эфиринин түз эфирине катышты;

26.10.2018 - Нуржигит Кадырбеков Малина-ТВ каналынын “Галстуксуз” программасында сукпат берди;

27.10.2018 - "Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылындагы "Орозмамат Сопу ата" мечитинин ачылышына катышты;

27.10.2018 - "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун 2018-2019 окуу жылынына карата кабыл алынган ыктыярчылардын алгачкы жолугушуусу өттү;

27.10.2018 – Ош шаарында “Китепкөй улут” долбоорунун алкагында ачык асман алдында китеп окуу акциясы өттү;

4-11-2018, 18:11 | Категория - Башкы бет, Отчет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top