Кирүү | Катталуу

"Китепкөй улут" уланат


"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Китепкөй улут" долбоорунун алкагында өткөрүп жаткан “Китеп camp” эки күндүк китеп окуу лагери Ош шаарында кайрадан уланууда.
Лагердин кезектеги коногу коомдук ишмер, тележурналист “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун негиздөөчүсү Талантбек Канатбек уулу болуп, китеп окуунун пайдалары, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелери жана чечендик өнөрү жөнүндө ой бөлүштү. Лагердин жүрүшүндө китеп окуу сааттары, интеллектуалдык оюндар, китеп талкуу жана кофе-брейк орун алды. Иш-чарага жалпысынан студенттер жана ата-энелер дагы катышты.

"Китепкөй улут" уланат

"Китепкөй улут" уланат

"Китепкөй улут" уланат

11-03-2019, 15:20 | Категория - Башкы бет, Редакциянын тандоосу |

Окшош макалалар:

To Top