Кирүү | Катталуу

"Китепкөй улутка" карай кадамдар


"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Китепкөй улут" долбоорунун негизинде Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте уюштурган С. Рысбаевдин “Сөз жөнүндө сөз” китебинен сынак болуп өттү.
Сынак “Сөз жөнүндө сөз” китебинин автору педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сулайман Рысбаевдин катышуусунда болду.
Сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар, дипломдор жана китептер менен сыйланды. Катышуучулардын эң жашы 13 жаштагы Кылычбек кызы Уулкан “Жаш окурман” наамы менен сыйланса “Китепкөй улут” долбооруна жигердүү катышкан Шамшидин кызы Самара “Мыкты окурман” наамы менен сыйланды.

1-орунду (2 000 сом, I даражадагы диплом) 114,5 упай менен Даниярова Бүкатыча Мусаевна

2-орунду (1 500 сом, II даражадагы диплом) 114,5 упай менен Муса кызы Айпери

3-орунду (1 000 сом, III даражадагы диплом) 111 упай менен Шамырзаев Илгиз

4-орунду (5 00 сом, диплом) 107,5 упай менен Нурлан кызы Гүлсана жеңишке жетишти.

Жигердүү катышкандар (200 сом, диплом, китеп) Марал Эргешова, Акылбекова Айназик Акылбековна, Мамытов Илияс, Жапаркулова Бурулай, Рысбек кызы Гулдана, Асанова Эркинай Ыманкуловна, Ырысбек кызы Айзирек сыйланышты.


"Китепкөй улутка" карай кадамдар


"Китепкөй улутка" карай кадамдар


"Китепкөй улутка" карай кадамдар


"Китепкөй улутка" карай кадамдар

11-03-2019, 15:45 | Категория - Башкы бет |

Окшош макалалар:

To Top