Кирүү | Катталуу

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды
«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында имамдарды окутуунун экинчи этабын баштады. Семинар 30.10.2016-5.11.2016 аралыгында ОшМУнун теология факультетинде өтүп, Ош облусунун райондорунан 135 имам катышты.

"Ыйман" фонду Баткен областынын окуучулары үчүн бир апта бою тренинг-семинарларды өткөрдү

"Ыйман" фонду Баткен областынын окуучулары үчүн бир апта бою тренинг-семинарларды өткөрдү
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Дисковери” окуу борбору менен биргеликте бир жума, 24-29 октябрь аралыгында Баткен областынын Лейлек районунун Башкент, Жаңы-Жер, Кулунду, Тогуз-Булак айыл аймактарында, Сүлүктү шаарынын мектептеринде "Тайм-менеджмент", "Кесип жана университет тандоо" жана "Чет өлкөгө окууга тапшыруунун жолдору" аттуу семинар-тернингдерди өткөрдү.

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады
"Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду жогорку класстын окуучулары менен биргеликте жолугушууларды өткөрүп баштады. Мындай жолугушуулардын максаты экстремизмге жана радикализмге каршы альтернативдүү идеология тартуулоо.

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган «Ыйман нурун сепкен китеп» жарманкесин өткөрдү. Иш-чара И. Арабаев атындагы КМУнун негизги имаратында болду.

Келечегибизди ийгиликтүү көргүбүз келсе, өнүгүү үстүндө дайыма иштешибиз керек

Келечегибизди ийгиликтүү көргүбүз келсе, өнүгүү үстүндө дайыма иштешибиз керек
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында менталдык арифметика жана бат окуу боюнча семинар болуп, анын сырлары менен "Өнүгүү академисянын" жетекчиси Сайкал Асылбекова бөлүштү.

“Туура жолдун туусу Имам Матуриди” жана “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы" китептеринин бет ачары болуп өттү

“Туура жолдун туусу Имам Матуриди” жана  “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы" китептеринин бет ачары болуп өттү
"Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши менен биргеликте чыгарган "Туура жолдун туусу - имам Матуриди" жана “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы" китептеринин бет ачары болуп өттү.

“Ыйман” фондунун төрагасы Катар мамлекетинен келген делагация менен жолукту

“Ыйман” фондунун төрагасы Катар мамлекетинен келген делагация менен жолукту
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Катар Эмирлигинин Кыргызстандагы элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими жана “Катар кайрумдуулук коомунун” аткаруучу директору Юсуф бин Ахмад Аль-Кавари менен жолугушту.

«Табигат сырлары» китеби эл аралык басма соз көргөзмөсүндө 3-орунга татыды

«Табигат сырлары» китеби эл аралык басма соз көргөзмөсүндө 3-орунга татыды
3-октябрь, 2016-жыл. “Ыйман” фонду чыгарган «Табигат сырлары» китеби Ашхабаддагы (Түркменистан) 11-Эл аралык “Китеп – кызматташуунун жана өнүгүүнүн жолу” басма сөз көргөзмө-жарманкесинде окуу китептердин арасынан 3-орунга ээ болду. Китептин автору Бакыт Жунусалиев, 2015-жылы «Калем жана ыйман» долбоорунун алкагында чыгарылган.

Аким ажы Эргешов: Ислам дининде адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралган

Аким ажы Эргешов: Ислам дининде адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралган
“Улуттук маданият, илим жана дин ” долбоорунун алкагында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан дин башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн “Ислам дининдеги адам укуктары” аталышындагы Аким ажы Эргешов катышкан семинар өткөрдү.

Жаккан ишиңден гана каниет табасың

Жаккан ишиңден гана каниет табасың
"Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында журналист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жаштары менен жолукту.

“Аял затынын Исламдагы орду” – айымдар үчүн семинар

“Аял затынын Исламдагы орду” – айымдар үчүн семинар
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду Ош шаарынын айымдары үчүн "Аял затынын Исламдагы орду" аттуу семинар өткөрдү.

“Ыйман” фондунун жетекчиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошокондугу үчүн төш белги менен сыйланды

“Ыйман” фондунун жетекчиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошокондугу үчүн төш белги менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүн жана эне тилибиздин өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык мааракесин белгиледи.

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат
21-сентябрда А. Осмонов тындагы КРнын Улуттук китепканасында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун Тарых жана маданият жылына карата “Медиа мейкиндик” долбоорунун алкагында тартылган кыска метраждуу тасмаларынын бет ачары болуп өттү.

Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго энесинин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтабыз

Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго энесинин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтабыз
Кыргыз Республикасынын жана андан сырткаркы аймактарда жалпы коомдун бейпилчилиги менен бирге ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган Ислам маданиятынын асыл баалуулуктарын элге жайылтууда салымын кошуп келе жаткан аалым, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго энесинин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтабыз.

Нуржигит Кадырбеков: Мамлекеттик кызматкер капаска камалган куштай эле абалда болот

Нуржигит Кадырбеков: Мамлекеттик кызматкер капаска камалган куштай эле абалда болот
Н.Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Кара-Кулжа районунда туулган.Орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. ОшМУну кызыл диплом менен бүтүрүп, Тышкы иштер министрлигинде, Президенттин катчылыгында, Президенттин аппаратында иштеген. Азыр “Ыйман фондун жетектейт.

To Top