Кирүү | Катталуу

Бата ал...

Бата ал...

КРнын Президентинин жарлыгы менен 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу “Ыйман” фонду менен “Келечек+” гезити республика боюнча мектептер арасындагы “Бата ал” аталыштагы долбоорун жарыялайт.

Долбоордун максаты: Ыйман, адеп жана маданият жылында мектеп окуучулары адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн алгылыктуу иштерди жасоо жана коомчулукка аны көрсөтүү. (Мисалы: балким, өз айылындагы бир ардагердин короосун тазалоо, мектеп же бала-бакча айланасына бак тигүү, ага-инисине же эже-карындашына, мугалимине ж.б. адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү)

Долбоордун мөөнөтү: 2017-жылдын январь айынан декабрь айына чейин уланат. Ай сайын окуучулар адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн иштерин фотого жана видео форматында текст аркылуу толукталган маалыматы менен kelechekplus@mail.ruэлектрондук дарегине жөнөтүү.Же 0701 88 05 78(Whats App ) номерибизге жөнөтсөңүздөр болот.

Долбоордун эрежеси: Ар бир мектептин 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларынан бир команда түзүлөт. Команда биргеликте адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн кандай иш жасаса болоорун өз алдынча талкуулап, тактап алышат жана аны иш жүзүнө ашырышат. Иш аткарылып жатканда фотого же видеого тартып, айтылган электрондук дарекке жиберишет.

Мониторинг (окуучулардын эмгегин баалоо): Электрондук дарекке келип түшкөн материалдарды гезиттин редакциясы “Ыйман” фонду менен биргеликте карап, 3 айда бирден мыкты жасалган, чынында адептүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн окуучулардын ишин аныктап турат. Мыктыны аныктоого фонддун http://iyman.kg/сайты да жардамга келет. Анткени окуучулар тараптан келген ар бир иш сайтка жүктөлүп турат жана сайттын колдонуучулары дагы баалоо мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.

Долбоордун жыйынтыгы: Долбоор декабрь айында жыйынтыкталып, эң мыкты деп табылгандарга фонд жана гезит тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылат.

Кыргызстандын аймагындагы бардык мектептерди бул долбооорго катышууга чакырабыз.

8-02-2017, 14:47 | Категория - Медиа |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top