Кирүү | Катталуу

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлдү

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлдү

Бишкек, 27-январь . Президент Алмазбек Атамбаев «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Буйрукта 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген максаттарга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп диний маданиятты өнүктүрүү эсептелет, анын ажырагыс бир бөлүгү болуп диний агартуу саналаары белгиленет.
«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында түзүлдү.

21-03-2016, 16:14 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top