Кирүү | Катталуу

"Террордук иш аракеттерди жасоого Исламдын эч бир принциби жол бербейт"


“Ыйман” фондунун төрагасы, диний эксперт Искендер Ормон уулу: "Террордук иш аракеттерди жасоого Исламдын эч бир принциби жол бербейт".

Францияда Charlie Hebdо журналынын Париждеги кеңесесине кол салууда кеминде 12 киши каза тапкан. Шектүү эки кишини издөө иштери журуп жаткан чакта диний радикализм темасында талкуулар күч алды. Бул журнал мусулман лидерлерине, ошондой эле Мухаммед пайгамбарга карата сатиралык карикатураларды жарыялап келгени маалым.

Би-Би-Си: Кыргыз президентинин алдындагы “Ыйман” фондунун башчысы, диний эксперт Искендер Ормон уулуна кайрылып, сатирикалык көз-караштарга каршы болгон радикалдуу мусулмандар да, сабырдуулук менен мамиле кылышыбыз керек деген да тарап бар. Ал эми сиздин оюңуз кандай? – деп сурады.

Искендер Ормон уулу: Албетте, бул болгон окуя сүйүнүүгө жол бербейт. Муну Исламга жамынган же болбосо Исламдын бир мүчөсү жасаганын айтылып жатканы андан да өкүнүчтүү. Дагы бир жагы мусулмандар буга чейинки террордук окуяларда көбүнчө шарттуу түрдө алар да ушун кылып жатат дечү эле. Бул жолу аалымдар дагы, эксперттер дагы бул адамзатка карата коркунучу бар экенин, буга каршы чыгуу керектигин айтып жатышат. Биз дагы ушуга кошулабыз, бул адамзаттын чоң кайгысы. Эч бир дин өзүнүн ыйык көргөн нерсесин башкалар шылдың катары колдонулуп жатканына оң карай албайт. Бирок кандай болгон күндө дагы, аны жасагандарга карата өлтүрүү же болбосо зулумдук кылбайт. Бул Исламда бар.

Би-Би-Си: Христиан дининде абдан көп карикатуралар бар, тамашаларды жарыялаган сайттар да бар. Эмне үчүн ага христиандар сабырдуулук менен мамиле жасайт, балким кайдыгерлик менен мамиле кылышат. А мусулмандарды болсо буга дароо эле күйүп бышкан, ачууланган деңгээлге жетет?

Искендер Ормон уулу: Диндик негизде алып карасак, түрдүү жооптор бар. Бирок социологиялык шарттарды алып карасак, мусулмандардын адамзаттын орток баалуулугу болгон сөз эркиндиги, адамдардын жашоо эркиндиги сыяктуу маанилүү баалуулуктарга байланыштуу маданий деңгээлинде айырмачылыгы бардыр. Же болбосо тарыхый жолдо батыш өлкөлөрү, христиандар басып өткөн жолду өтө электир. Албетте, буга бир өңүттүү эмес, түрдүү себептерди социалдык, экономикалык, саясий себептерди айтса болот. Бирок эмне болгон учурда дагы бул учурда пикирге пикир менен, билим менен жооп кайтарыш керек. Өлтүрүү, террордук иш аракеттерди жасоого Исламдын эч бир принциби жол бербейт.

Булагы: bbc кыргыз кызматы

21-03-2016, 16:23 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top