Кирүү | Катталуу

Акын Алыкул Осмоновдун энциклопедиясы жарык көрдү

Акын Алыкул Осмоновдун энциклопедиясы жарык көрдү

16-март, 2015-жыл. “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Улуттук илимдер академиясында өткөн залкар акын Алыкул Осмоновдун энциклопедиясынын бет ачар аземине катышты.

Бул долбоор акындын 100 жылдык мааракесине арналып, Кыргыз Улуттук илимдер академиясы тарабынан ишке ашырылды.

“Алыкулдун адамдык тагдыры өтө оор болгон. Ата-эненин мээримин көрбөй, балдар үйүндө чоңойду. Бала кезинен оор дарт коштоп жашады. Залкар талантынан жана таза жан дүйнөсүнөн башка байлыгы болбоптур. Жактырган селкисине баш кошуу буюрбай, армандуу махабатты баштан кечириптир. Же үй-бүлө курууда жолу ачылбай, артында урпагы уланбай өтүптүр, кайран кишинин. Балким, бешенесине жазылган ошондой татаал тагдырында биз байкап-туйбаган улуу жакшылык бардыр. Адам ооруганда жалган дүйнөнүн асемдерине, шаан-шөкөттөрүнө азгырылбай, жашоонун чыныгы маңызын издеп калат эмеспи. Кудайдын кудуретине таң берип, күнөөлөрдөн тазаланат.

Ошон үчүн Жараткан дартты сүйгөн пендесине берет дешет. Эч качан оорубагандыктан адам текебердиктен жүрөгү катып, ар кандай зулумдуктарга барарын кадимки фараондун таржымалы айтып турат. Оору, жардылык, татаал сыноолор аркылуу жан дүйнөсү тазаланып, жүрөгү жумшарганы үчүн Алыкул, балким, керемет ырларды жазгандыр. Бир сөз менен айтканда, А. Осмоновдун ачуу тагдыры адам жана акын катары даражасынын бийиктешине себеп болгонбу деп ойлойм”, - дейт Н. Кадырбеков залкар акындын энциклопедиясы тууралуу пикирин билдирип жатып.

Н. Кадырбеков, ошондой эле, “Ыйман” фондунун атынан чыгаан акындын энциклопедиясын чыгарууга себеп болгондорго, биринчи кезекте Улуттук илимдер академиясынын эмгек жамаатына чын дилден ыраазылыгын билдирди.

Булагы: Ыйман-пресс

21-03-2016, 16:25 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top