Кирүү | Катталуу

Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу тууралуу конференция өттү

Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу тууралуу конференция өттү

16-17-апрель күндөрү Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу алкагында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармасы жана Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы уюштурган “Экстремизм жана такфиризм коомго келтирген коркунучу” аттуу 1 Эл аралык симпозиуму болуп өттү.

Симпозиумда окумуштуулардын, расмий органдардын жана диний уюмдардын, муфтийлердин, эксперттердин жана ойчулдардын биргелешип аракет кылуу, Исламдын ханафий мазхабынын негиздеринин өнүгүүсүнүн, такфиризмге каршы туруунун ыкмаларын жана принциптерин изилдөөнүн өнүгүүсү туурасында докладдар, талкуулар болду.

Симпозиумдун ишине катышууга дүйнөнүн 16 мамлекетинен белгилүү аалымдар, муфтийлер, диний жана коомдук ишмерлер, илимий жана эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрү, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ислам окуу жайларынын жетекчилери жана мугалимдери, мамлекеттик бийлик органдарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бул ишчара эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери талкуулануды. Симпозиумдун экинчи бөлүгү "Жаннат" мейманканасында уланды.

Симпозиумдун негизги максаты коомчулуктагы ар кандай терс диний агымдардын азырыктарына бөгөт коюу жана эл аралык тынчтыкты орнотуу. Мамлекеттер аралык достукту бекемдөө менен диний кызматташтыкты түзүү.

Симпозиумдун катышуучулары үч секцияга бөлүнүшүп актуалдуу темалардын алкагында талкуу иштерин жүргүзүштү.

Үчүнчү секцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи модератор болуп, «Экстремизм жана такфиризмдин мусулмандарга келтирген коркунучу» атту теманын алкагында өздөрүнүн докладдарын окушушту.

Аталган секцияда Сауд Араб падышалыгынан доктор Абдулла Аль-Хузейр, Иран Ислам Республикасынан Алиризо Расули Сангани, Украина мамлекетинин муфтийи Ахмед Тамим, Тажикстан мамлекетинин муфтийи Саид Мукаррам Абдикодирзода, Египет мамлекетинин Аль-Азхар универститетинин шарият факултетинин деканы доктор Абдуль Мунъим Фуьад , Индия мамлекетинин илимий изилдөө борборунун директору Билал Абдул-Хайй катышууда.

Симпозиумдун катышуучулары темага ылайык «Экстремизм жана такфиризмдин мусулмандарга келтирген коркунучу» аттуу теманы суроо-жооп ирээтинде талкуулашты.

21-03-2016, 16:35 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top