Кирүү | Катталуу

Фонд дин кызматкерлерине семинар өткөрдү

Фонд дин кызматкерлерине семинар өткөрдү

Бишкекте 28-30-апрель күндөрү«Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу» деген аталышта «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиясы менен биргеликте семинар уюштурулду.

Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик дин саясатынын концепсиясынын алкагында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын кызматкерлерин, башкы имам казыларын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, өлкөдөгү диний чөйрөдөгү абал жана дин кызматркелеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Ага КРнын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, КРнын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакиров, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдүшүкүр Нарматов жана башка диний ишмерлер катышты.

Фонд дин кызматкерлерине семинар өткөрдү


Семинарда Кыргызстандагы дин саясаты, Дин педагогикасы, Матуридий акыйдасы жана анын өзгөчөлүктөрү, Ханафи мазхабынын баалуулуктары жана өзгөчөлүктөрү, Имамдардын этикасы, бирдиктүү хутба туурасында бир катар диний маселелер талкууланды. Ошондой эле, дин кызматкерлеринин жаңы технологияларды жана смартфондорду эффективдүү колдонуу тууралу сабактар да өтүлдү.

Мындан ары Кыргызстандын бардык аймактарында “Бирдиктүү хутба” айтылуусу семинардын маанилүү жыйынтыктарынын бир болду.

“Өлкөбүздүн ар бир мечитинде “Бирдиктүү намаз убактылары”, “Бирдиктүү хутба” маселелери ишке ашырылуусу зарыл. ” - деди Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы.

Семинардын жыйынтыгында өлкө аймагындагы 9 казыяттын материалдык жана техникалык базасын чыңдоодо акыркы үлгүдөгү фото аппарат, принтер жана компьютер тапшырылды.

“Мындай жардамдардын аркасында казыяттардын ишмердүүлүгү алдыга жылып, ишти оперативдүү аткарууда чоң жардамын бермекчи” - дешти облус казылары.

21-03-2016, 16:38 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top