Кирүү | Катталуу

"Интеллектуалдык инвестициялар" долбоорунун алгачкы жолугушуусу өттү


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун «Интеллектуалдык инвестиция» демилгеси боюнча Кумар Бекболотов «Инновациялык изденүү куралдары» деген теманын алкагында талкуу өткөрдү.

Иш-чаранын максаты – Америкада иштеп, ушул тармакта топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүү.

Кумар Бекболотов талкуунун жүрүшүндө инновациянын мааниси, бүгүнкү күндөгү орду, аткарып жаткан ролу тууралуу айтып берди.
«Мен инновация дегенди – жаңычыл изденүү деп бергем. Инновация асмандан түшкөн жок. Аны жасоо, ойлоп табуу ар бирибиздин колубуздан келет. Бирок, жалгыз адамга караганда топ же уюм менен жасоо жеңил жана натыйжалуу болот», - деди К.Бекболотов.

"Интеллектуалдык инвестициялар" долбоорунун алгачкы жолугушуусу өттү


Ошондой эле ал инновация жасоонун негизги жолдоруна токтолуп, изденүү процесстеринин баскычтары: байкоо, түшүнүү, ой толгоо, прототип түзүү жана тестирлөө экенин баса белгиледи.

"Интеллектуалдык инвестициялар" долбоорунун алгачкы жолугушуусу өттү


«Ар бир инновациянын түрткүсү бул – жеке адамдын башынан өткөргөн тажрыйбасына байланыштуу. Натыйжалуу изденүүдөгү ой толгоо, тандоодогу усулдар – визуализация – талкуудагы ойлорду жаза билүү, брейнсторминг – талкуудагы ойлорду тизмектөө, добуш берүү – ой-пикирлерди биргелешип аныктоо», - деп билдирди К.Бекболотов.

"Интеллектуалдык инвестициялар" долбоорунун алгачкы жолугушуусу өттү


Талкуунун жыйынтыгында ал ийгиликтин негизги шарттары катары тездик, теңдик, башкара билүү, айкындык, ийкемдүүлүк экенин айтып өттү.
Кошумчалай кетсек, Кумар Бекболотовдун «Инновациялык изденүү куралдары» деген темадагы талкуусу катышуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болду.

21-03-2016, 16:43 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top