Кирүү | Катталуу

Тамчы суу жана билим

Тамчы суу жана билим

Үйүбүздөгү суу түтүгү бузулуп, андан суу тамчылап гана чыгып калган эле. Ичкенибизди эске албаганда деле, күнүмдүк турмушубузда сууну канчалык көп керектээрибизди ошондо түшүнгөм. Денени, кийимди, үйдү, идиш-аякты таза тутуу, короону салкын кармоо, бак-даракты кууратпоо үчүн бир топ алыс аралыктагы чоң арыктан чакалап суу ташып, аны да ушунчалык сарамжалдык менен сарптаганга үйрөнгөнбүз.

Берекелүү апам тамчылап аккан сууну да муктаждыктарыбызга толук жеткирген ошондо. Күн-түн дебей чоргого чаканы тосуп, улам толгонун бошу менен алмаштырып, чай демдеп, тамак бышырып, тишти, башты жууганга, даарат алганга таза суудан камдап койчу. Ушул максатта элден кеч жатып, таң заарда кайра ойгонот.

Апамдын: «Каниет кылсаң, сарамжалдуу жашасаң Жараткан тамчы сууга да береке берип коёт экен», - деп бактылуу жылмайганы эч эсимден кетпейт.
Тамчыласа да чыгып турган суунун болгонуна чексиз шүгүр келтиргем. Африкада кумду казып, андан чыккан ылай сууну тазалап, кичинекей чакага толтуруу үчүн эртеден кечке убара болуп, мектепке барбай чоңоюп жаткан балдар тууралуу телепрограмма көргөм. Ошондой шартта жашасак кантмекпиз?
Бирок, апам астейдил ниетин, дилин буруп, түн уйкусун кыскартып зиректик менен мээнет кылбаганда, балким, ар бири ат башындай алтындан кымбат ошол тамчылардын канчасы бошко кетип, ысырап болмок. Мындан биздин жашообуз жакшырмак эмес, тескерисинче кедерге кетмек.

Акыл-эсти, жан дөйнөнү илим-билим мүрөгү менен толтуруу үчүн да апам тамчы суудан чака толтургандай мээнет кылсак кана, аттиң. Анткени, билим – бул чакыртпай эле кирип келүүчү конок эмес. Атадан балага мурас болчу да нерсе эмес. Жараткан бул улуу берекесин, ырыскысын аны издеген, талапкер, муктаж адамына гана тартуулап, насип кылат экен. “Кудай билимди сураганга, байлыкты Өзү каалаганга берет” дешет го.

Ушул замандагы илим-билимдин агымы бир кезде биздин үйдөгү тамчылап чыккан суудай эмес, улуу дайранын, керек болсо мухиттеги Гольфстрим агымындай мол, кенен. Деген менен, шоокуму кулакты тундурган шаркыратманын астына чаканы оңунан эмес көмкөрөсүнөн койгондон эмне пайда? Бир тамчы да суу ала албайсың. Дал эле ошол сыяктуу илимге ар жагыңдан талап жана умтулуу болбосо андан бир тамчы да буюрбастыр.
Биз илим-билимге суудай, балким андан да көбүрөөк муктажбыз. Суу бул жашоонун гана азыгы болсо, илим-билим эки дүйнө бактылуулугуна жетүүнүн жолун көрсөтөт. Тапкан соң да ошол жол менен жүрүү же жүрбөө адамдын ыйман деңгээлине жараша болор.

Илим болбосо арам менен адалды, жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести айра тааный албай, жалган дүйнөдө адашып, убара тартканыбыз тарткан. Балким, бул суусуз чаңкап, соолугандан да жаман. Анткени соолуу – бул бир макулуктун жана анын жакындарынын жеке кайгысы. А бирок, адашуунун акыбетинен адам башкалардын да соолушуна себеп болуусу мүмкүн. Өзүнө да, өзгөгө да, коомго да пайдадага караганда көбүрөөк зыян жеткирип, бирок ошону аңдабай жашашы ыктымал. Эртедир, кечтир ал үчүн катаал суракта жооп берчү учур келет. Мухаммед пайгамбар (Ага Жараткандын саламы жана мээрими болсун) илимди Кытайга барып болсо да ал, бир саат илим алуу түнү менен нафил ибадат кылуудан артык, илим алуу ар бир ыймандуу адам үчүн парз деген маанидеги насааттарын тегин жерден айтпаган да. А парз деген сөзсүз аткарылууга тийиш болгон амал... Билимге муктаждыкты жана жөндөмдү Кудай өзү жараткан сансыз макулуктарынын ичинен бир гана адамга буюрганы эле илим алуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенине ишара кылып турбайбы.

Жараткан даражаны көтөрүү үчүн илимден артык себеп жаратпаса керек. Болбосо, биз алигиче ар бир сөзүн аздектеп уккан жана окуган Аль-Газалинин, Абу Ханифанын, Жусуп Баласагындын, Имманиул Канттын, Конфуцийдин, Лев Толстойдун, Бернард Шоунун, Иоганн Гётенин илим аркылуу тапкан бай жан дүйнөсүнөн, тунук акылынан жана таза ыйманынан башка байлык менен бийлиги деле болбоптур... Алар менен кошо баш айланткан дөөлөтүнө, зыяпатына, алтын-күмүшүнө чиренип жашап өткөн замандаштарын билген, эстеген, сыйлаган ким бар?

Илим ал, тууганым. Дене, рух жана акыл үчүн пайдалуу илим изде. Аны амал кылуу менен гана мекенге, ыйманга, адамзатка эбегейсиз кызмат кылууга болот. Бирок, “мен билем” деп корстон болуудан, текеберленүүдөн сактоону Жараткандан тилейли.

Нуржигит Кадырбеков
12-март, 2015-жыл

Булагы: Нуржигит Кадырбеков

21-03-2016, 17:01 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top