Кирүү | Катталуу

Фонддун төрагасынын орун басары Борбордук Азия уламалар кеңешинин форумуна катышты

Фонддун төрагасынын орун басары Борбордук Азия уламалар кеңешинин форумуна катышты

Борбор Азия мамлекеттеринин дин аалымдары, Уламалар кеңештеринин мүчөлөрү Бишкекте чогулуп диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулашты. Форум 11-мартта “Ак-Кеме” отелинде өттү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар билдирди. Иш-чарада диний радикалдашууну алдын алуу боюнча биргелешкен план иштелип чыкты.

Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан адистер катышты. Өзгөчө конок катары АКШдан Балтимор шаарынын баш имамы да келди.

Форумду “Дин, укук, саясат” уюму, Бишкектеги Ислам изилдөө илимий институту жана “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму биргеликте уюштурду. Серепчилер Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге борборазиялыктардын кошулушуна алардын диний сабаты чала болуп жатканы себеп экенин айтышты.

Мындан кийинки Форумдарга даярдык көрүү максатында Уюштуруу Комитетине төмөнкүлөр шайланды:

- Кадыр Маликов
- Маметбек Мырзабаев
- Зарылбек Нышан уулу

21-03-2016, 16:57 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top