Кирүү | Катталуу

Ыйман Фондунда диний билим берүү талкууланды

Ыйман Фондунда диний билим берүү талкууланды

Бишкек, 13-март 2015. Бүгүн Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү фондунда диний билим берүүнү реформалоо боюнча атайын жумушчу тобу чогулду. Чогулушка Фонддун төрагасы жана анын орун басары, ошондой эле педагогика илимдеринин кандидаты Мурат Иманкулов (Билим берүү академиясы), Кут Билим окуу-тарбия комплексинин жетекчиси Таалай Бекмурзаев жана башкалар катышты.

Чогулушта билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген жалпы окуу программасына, окуучуларга оор келбей турган таризде, кошумча 4-5 диний сабактын кошулуусу талкууга алынды. Бул жаңы программа медреселерде окуп жаткан жаштардын маселесин чечүугө максатталган. Диний да, жалпы да билим алуу алуу аркылуу орто окуу жайды бүткөндүгүү тууралуу аттестатка ээ болуп, жогорку окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгү пайда болсун ниетиндебиз.

Адегенде, көпчүлүк учурларда, диний жана жалпы сабатсыздыктын натыйжасында түрдүү диний агымдарга жана радикалдуу топторго биздин жаштар алданып кирип калып жатышат эмеспи.

Бул программанын кабыл алынуусу медреселерге легалдашуу, расмий катталуу жана бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат, бул болсо өз кезегинде көтөгөн көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө жана келечекке диний билими бар болгон, таза, ыймандуу экономисттерди, архитекторлорду, милиционерлерди, дарыгерлерди, менеджерлерди алып келет буйруса.

21-03-2016, 16:59 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top