Кирүү | Катталуу

Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү экстремизм жана терроризмге каршы иш аракеттерге салым кошууда

Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү экстремизм жана терроризмге каршы иш аракеттерге салым кошууда

2016 жылдын 12-мартында «Ыйман» диний маданиятты өнүүктүрүү фонду УКМК нын астындагы Террорго каршы күрөшүү борбору (ТККБ) менен бирге Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеӊешинин мүчөлөрү (БСРАК) үчүн «Экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана алдын алууда ардагерлердин ролу жана орду» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар, БСРАК мүчөлөрүнун демилгеси менен уюштурулду.

Семинарда өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеӊешинин 30 дан ашуун мүчөсү жана УКМК нын астындагыТККБ нүн өкүлү Т. Аспеков, “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын (КМДБ) даават бөлүмүнүн башчысынын орун басары Билал Сайпиев катышты.

Программада экстремизмдин бүткүл Ислам өзөгүнө карама-каршылыгын көрсөткөн салттуу исламдын негиздерин ачыкка чыгаруу маселесине көңүл бурулду. Ошондой эле идеологиялык даярдык жана коопсуздук үчүн дүйнөлүк диндердин тарыхы, диний булактар жана багыттар, диндер аралык мамилелер жана диндин коомдогу ролу боюнча темалар талкууланды.

Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү экстремизм жана терроризмге каршы иш аракеттерге салым кошууда


УКМК нын астындагыТККБ нүн өкүлү Т. Аспеков БСРАК мүчөлөрү аймактардагы калк арасында, өзгөчө мектептер, жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин өткөрүп жаткандарына ыраазычылыгын билдирди. “Сирияга Кыргызстандан 500дөн ашуун жараныбыз кетип, анын ичинде көпчүлүгү 18-35 жашка чейинки адамдар экендиги аныкталганына байланыштуу, ушундай семинарларды жана калк менен жолугушууларды тез-тез өткөрүү зарыл”, - деди ТККБнын өкүлү. Ошондой эле Т. Аспеков “Ыйман” фонду ТККБ га көрсөтүп жаткан кызматташууга да ыраазычылыгын билдирип өттү.

«Баткен облусунда болуп өткөн согуштун ардагерлери бул маселе боюнча активдүүлүгүн көрсөтүп жатканы кубандырат. Согушту өз көзү менен көргөн адамдар көп салым кошуп жана алардын иши жакшы натыйжаларга ээ болушун айкын экендигине мен ишенем. Бул семинар катышуучуларга практикалык иш-чараларды жергиликтүү багыттарда натыйжалуу аткарууга жакшы мүмкүнчүлүк берет» ,- деп , “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков өзүнүн оюн билдирди.

Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү экстремизм жана терроризмге каршы иш аракеттерге салым кошууда


КМДБ нын даават бөлүмүнүн башчысынын орун басары Билал Сайпиевдин айтымында, өткөн жылы экстремисттик идеяларды жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстандын ар бир бурчундагы мечиттердин имамдары менен 818 түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн.

БСРАК мүчөлөрүнун төрагасы К. Бакалов, ардагерлер тобунун өкүлдөрү менен биргиликте калк арасында экстремизмге жана радикалдашууга каршы иш аракеттерге салым кошуу жаатында кызматташууга кызыкчылыгы чоӊ экендигин билдирди. Ошондой эле Баткен согушунун ардегерлеринин алдыдагы пландары тууралуу айтып өттү.

Андан соӊ Исламдын мыйзамдарын бурмалап жаткан экстремисттик жана террористтик топтордун катарына биздин жарандарды интернет аркылуу согушка чакырууга каршы маалыматтык кампаниянын алкагында «Ыйман» фонду тарабынан даярдалган “Бул менин согушум эмес” аттуу тасма көрсөтүлдү.
Жогоруда айтылган маселелердин негизинде “Жакынкы Чыгыштагы террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын иш-аракети жана Борбордук Азия регионуна таасир берүүсүнө байланыштуу эл аралык кырдаалдын өнүгүшү”, “Кыргыз Республикасынын диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү тармагында иштеп жаткан аракеттери жана багыттары” темаларына Хазрат Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинин мугалими У. Юсупов, теология илимдеринин доктору жана Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы С. Мырзаибраимов докладтарды окуп беришти.


Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү экстремизм жана терроризмге каршы иш аракеттерге салым кошууда

31-03-2016, 10:47 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top