Кирүү | Катталуу

"Ыйман" фондунун төрагасы КИУ нун жаңы ректорун куттуктады


2016-жылдын 15- мартында, “Ыйман” диний маданиятын өнүктүрүү Фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен Хазрат Умар атындагы Кыргыз Ислам университетинин (КИУ) жаңы ректору Марс Ибраевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Н.Кадырбеков М.Ибраевди жаңы кызматы менен куттуктап, «Ыйман» фонду менен Ислам университетинин ортосундагы мындан аркы кызматташуунун пландары талкууланды.
Эске сала кетсек, Марс Ибраев ушул жылдын 14- мартында Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевдин буйругу менен, белгилүү диний аалым Абдышүкүр Нарматовдун ордуна Ислам университетинин ректору болуп дайындалды. Буга чейин ошол эле университетте проректор болуп иштеп келген. М. Ибраев бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп саналат.

Фондтун төрагасы менен ректор Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынынын концепциясынын алкагында калкка туура диний билим берүү жана коомдогу руханий көрөңгөнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашты.
Кыргызстан элинин улуттук маданиятына радикалдуу идеялардын таасирин алдын алуу үчүн Тарых жана маданият жылына карата агартуу багытындагы “Улуттук маданият жана дин” долбоорун муфтият жана Аалымдар кеңеши менен чогуу ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

31-03-2016, 11:09 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top