Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте Улуттук Гвардиянын 702-аскер бөлүмүндө

«Ыйман» фонду УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте Улуттук Гвардиянын 702-аскер бөлүмүндө

2016-жылдын 22-мартында УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору (ТККБ), «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргиликте уюштурулган Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын 702-аскер бөлүмүндө «Экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү» тууралуу жолугшуу өттү

Жолугушууда бардык категориядагы аскерлер, алардын ичинде Улуттук Гвардиянын 702-аскер бөлүмүнүн башчысы Т. Усубалиев, ошондой эле УКМК ТККБ башкы адиси Р. Идаров, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын (КР ККБШ) өкүлү Э. Касымов жана “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков катышты.

«Ыйман» фонду УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте Улуттук Гвардиянын 702-аскер бөлүмүндө


КР ККБШ өкүлү Э.Касымов Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө ушундай иш-чаралардын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана дин өкүлдөрүнүн катышуусу зарыл экендигин белгиледи. “Экстремизм жана терроризм дүйнө жүзү боюнча Исламды жамынып тарап жатат, бирок динге эч кандай тиешеси жок экендиги анык. Ошол себептен, эл арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз өткөрүү керек”, - деди Э. Касымов.
«Эл аралык терроризм жана экстремизмди алдын алуу жана күрөшүү» долбоорунун алкагында «Ыйман» диний маданияттты өнүүктүрүү фонду тарабынан тартылган “Бул менин согушум эмес” аттуу документалдык тасма көрсөтүлдү.

“Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков: “Эгерде биз элибизге дин жөнүндө маалымат бербесек, сырттан азыгырып, жалган маалымат берүчүүлөр абдан көп. Биздин жарандарыбыз негизги Исламды экстремисттердин азгырыгынан айрымалап билүүсү үчүн аларга дин тууралуу маалымат жеткирүү жолу менен гана бул маселени чечүү мүмкүн”, - деди.
Жолугушуунун аягында аскерлер ар түрдүү маселелер боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

«Ыйман» фонду УКМКнын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте Улуттук Гвардиянын 702-аскер бөлүмүндө

31-03-2016, 16:44 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top