Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду региондордо жарандардын руханий жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-аракеттерин күчөтүүдө

«Ыйман» фонду  региондордо жарандардын руханий жана интеллектуалдык деңгээлин  жогорулатуу боюнча иш-аракеттерин күчөтүүдө

2016-жылдын 23-мартында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков Сүлүктү шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Исманов жана коомдук ишмер, тарых илимдеринин кандидаты, “Мурас” фондунун төрагасынын орун басары К. Молдкасымов менен жолугушту.

Жолугушууда, Тарых жана маданият жылына карата илимий жана чыгармачыл элитанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен семинарлар жана лекцияларды уюштуруу боюнча пландар талкууланды. Окуучулардын жана тарых мугалимдеринин билимин байытууга багытталган бир катар семинарлар жакынкы арада Сүлүктү шаарында өткөрүүлөрү күтүлүүдө.

Н. Кадырбеков: «“Ыйман” фонду Кыргызстандын бардык аймактырында, жарандардын руханий жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга багытталган семинарларды уюштуруп келет. Биздин фонд мындан ары да алыскы айылдардын, райондордун жашоочулары үчүн, ийгиликке жеткен инсандар менен жолугушууларды уюштурууга ар дайым даяр”, - деди.

А. Исманов өз сөзүндө, алыскы аймактагы окуучулар кошумча билимге суусап тургандыгын белгилеп, айыл жаштары атактуу окумуштуулар, бизнесте, спортто жана башка тармактарда ийгилик жараткан инсандар менен жолугушууну ынтызаарлык менен күтүп жаткандыгын айтты.
«Ыйман» фонду, Кыргызстандын бардык аймактарында ушул сыяктуу долбоорлорду алга илгерилетүүгө ниеттенет жана бул сындуу семинар-жолугушууларды бүтүндөй өлкө аймагын түрө кыдырып уюштурууну пландоодо.

4-04-2016, 10:54 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top