Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду КР нын күч түзүмдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча окутуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады

«Ыйман» фонду КР нын күч түзүмдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча окутуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады

2016-жылдын, 25-мартында КРнын Улуттук Гвардиясынын (УГ) 701-аскер бөлүгүнүн жоокерлери үчүн, Кыргыз Республикысынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы (КР ККБШ), Террорчулукка каршы күрөшүү борбору (ТККБ) жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү” аттуу семинар болуп өттү.

Семинарга, Улуттук Гвардиянын башкы штабынын башчысы М. Имаев, КР ККБШ нын өкүлү Э. Касымов, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперттери А. Салиев жана А. Ахматов, ошондой эле «Ыйман» фондунун төрагасы Н. Кадырбеков катышты.

«Ыйман» фонду КР нын күч түзүмдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча окутуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады


ККБШ нын өкүлү Э. Касымов дүйнө жүзү боюнча, террордук уюмдар тарабынан таратылган кыйратуучу идеологиянын таасиринен жарандарыбызды коргоо үчүн бул иш чаралардын актуалдуулугун айтып өттү.
«Бүгүн экстремизм жана терроризм - кыйратуучу идеология гана эмес, маалыматтык согуштун өзгөчө ыкмасы. Ошол себептен, күч органдары баш болуп калкка ушул темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”, - экендигин белгиледи.

Чубак ажы Жалилов, тынчтыкка умтулган динди жамынып, террорчулар жана экстремисттер кыянаттык менен мыйзамга да, шариятка да дал келбеген иштерди жасап жатышкандыгын айтты.
“Ислам дининде бул сындуу кыянаттыкка, адилетсиздикке тыюу салынган. Чыныгы мусулман чымындын да бутун сындырбайт. Адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк мусулмандын милдети жана жогорку даражадагы сапаты болуп саналат. Момун мусулман ар бир адамга дини жана улутуна карабастан аяр мамиле кылышы керек”, - деди.

«Ыйман» фонду КР нын күч түзүмдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча окутуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады


Стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперти А. Салиев, геосаясаттын алкагында экстремизм жана терроризмдин жаралышынын себептери тууралуу айтып берди. Террористтик уюмдарды ислам теологдору уюштурган эмес, жана анын идеологиясы Ислам шариятынан алыс экендиги анык деди.
«Биз идеологиялык доктриналар массалык маалымат каражаттары аркылуу адамдарды тартууга мүмкүнчүлүк берген, прокси-согуштардын дооруна кирдик. Бул маселени чечүүнүн жалгыз гана жолу, калкыбызга туура маалымат жана билим берүү, эгерде жарандырыбызга диний маалыматтар туура берилбесе, сырттан келген карасанатай уюмдар өз кызыкчылыктарына колдонуп алышат», - дейт А. Салиев

«Ыйман фондунун төрагасы Н. Кадырбеков, КР ККБШ, УКМК жана ТККБ менен биргиликте экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча күч түзүмдөрүнүн адистери үчүн, Исламдын негизги эрежелери жана мамлекеттик диний саясат тууралуу окуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады.
Эске сала кетсек, бул сыяктуу иш-чараларды «Ыйман» фонду Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясынын алкагында ККБШ, УКМК жана ТККБ менен биргиликте уюштурууда.

«Ыйман» фонду КР нын күч түзүмдөрү үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча окутуу тренингтерин өткөрүүнү сунуштады

4-04-2016, 11:14 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top