Кирүү | Катталуу

"Эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү – бул аскер күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн же диний ишмерлердин гана эмес, ар бирибиздин маселебиз"


Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясынын алкагында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргыз Респубикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы (ККБШ) жана Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетинин (УКМК) алдындагы Терроризмге каршы күрөшүү борбору (ТККБ) менен биргеликте, 2016-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвариясынын 708-аскердик бөлүгүндө консультациялык семинар өткөрдү.

Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков бүгүнкү күндө диний билимди жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, себеби ар кандай адашуу, анын ичинде радикалдашуу жана экстремисттик жана террористтик идеяларды ээрчип кетүү, Исламдын эӊ жөнөкөй эрежелерин билбегендиктен болуп жатканын айтты.
«Эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү – бул аскер күчтөрүнүн же диний ишмерлердин гана эмес, ар бирибиздин милдетибиз», - деди фонддун төрагасы.

"Эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү – бул аскер күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн же диний ишмерлердин  гана эмес, ар бирибиздин маселебиз"


Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн башчысы Эратов Равшан ажы өз сөзүндө:
“Зулумдук, зордук-зомбулук, адилетсиздик, экстремизм жана терроризм Исламга жат көрүнүш . Мусулман башка адамга, сөзү менен да, колу менен да зыян келтирбеши керек. Өзүн-өзү жардыруу жана адам өлтүрүү, мейли ал мусулман болбосо да-бул оор күнөө, жана бул иштерге шариятта катуу тыюу салынган», - деп кошумчалады.

"Эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү – бул аскер күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн же диний ишмерлердин  гана эмес, ар бирибиздин маселебиз"


Ошондой эле КМДБ фатва бөлүмүнүн башчысы «жихаддын» (дин жолунда күрөшүү) диндеги туура түшүндүрмөсүн ачыктап берди.
“Экстремисттердин жалган чакырыктарына алданып, Сирияга кеткен биздин жарандарыбыздын “жихад” жөнүндө түшүнүгү туура эмес, жана анын себеби дин тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу. Жихад – бул адамдын өз напсиси, терс сапаттары менен күрөшүү. Жихад-бөтөн жерди, бөтөн элди коргоп колго курал алуу эмес. Жихад-ата-мекениңде туруп аны коргоо, ага кызмат кылуу, ата-эненин ыраазычылыгын алуу. А адамды өлтүрүү, өзүн өзү жардыруу, мекенди коргоого эч тиешеси жок башкалардын согушуна катышуу – бул күнөө, жихад эмес”, - деди.
Семинардын аягында, катышуучулар жогорудагы айтылган темалар боюнча суроолоруна адистерден жооп ала алышты.

"Эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүү – бул аскер күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн же диний ишмерлердин  гана эмес, ар бирибиздин маселебиз"

4-04-2016, 12:51 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top