Кирүү | Катталуу

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү 2-курстун студенти болду

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду

2016-жылдын 29-мартында А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада, Тарых жана маданият жылына карата “Бир кадрдагы өмүр” аттуу социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул конкурс, “Ыйман” фондунун демилгеси менен «Тарых жана Маданият жылына» карата уюштурулган. Фондтун төрагасы Н. Кадырбековдун айтмында, сынактын негизги максаттары жаштар өрнөк жана үлгү ала турган образды жаратуу жана жарандардын руханий жана интеллектуалдык көрөңгөсүн арттыруу, маданий, гуманисттик жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, коомчулуктун, айрыкча жаштардын социалдык жоопкерчиликке көңүлүн буруу.

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Сынакка келген ар бир ролик атайын түзүлгөн комиссиянын элегинен өтүп, андан соң сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды:
1-орун – Нурбек Аширали уулу - «Виртуалдык жашоо» (Кыргыз-турк “Манас” унверситетинин 2-курсунун студенти).

2- орун – Гузель Дуйшенкулова - «Аруу балдар»

3-орун - Айжан Тургунбекова жана Махабат Эстебесова «Түкүрүү адатпы же модабы»

3-орун - «Жакшыга жанаш» Анаркул Аманбаев (И. Арабаев атындагы Кыргыз-мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн магистри)

1, 2, 3-орундардын ээлери 30 000, 20 000, 10 000 сомдон акчалай сыйлык алышты.

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:
Табылды уулу Бекмырза «Жаш балдарга карата зомбулук»
Асан Эркинбеков «Түш»
Насриддин Кудайбердиев «Апа»
Сагынбек Уланбеков «Спорт менен машыккыла»
Жанара Нурбекова, Аят Бакаева, Билим Бактыбеков «Сүрөтчү»

Бул тасмалардын авторлоруна 5000 сомдон сыйлыктар тапшырылды.

Cыйлык тапшыруу аземине бир катар белгилүү жаш режиссерлор катышты. Атай кетсек, А. Майнтеги жана М. Ханназаров жана Кыргызстандагы эң алгачкылардан болуп 3D форматында тасма тарткан Т. Рысалиев жана А. Куручбеков баштаган режиссерлор тасма айдыңына жаңыдан таштап жаткан жаш режиссерлорго ийгилик каалады.

Аземге катышкан, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов: “Жаштардын минтип ыйманга, адеп-ахлакка умтулуп жаткандыгы жакшы нерсе, бирок, ушул эле учурда эне тилге урмат сый да четте калбашы абзел. Өсүп келе жаткан жаш муунду өз эне тилинде, адеп-ахлакка, ата-энени, мекенди сүйүүгө үндөгөн азыркыдай мыкты социалдык роликтердин жардамы менен тарбияласак, ал муундан келечекте жакшы нерсе гана алабыз”, - деди.

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


«Көргөзүлгөн иштер чынында эле таланттуу экен, ошондуктан биз бул видеолордун авторлорунан дагы жогорку сапаттагы роликтерди, келечекте да балким, кинотасмаларды күтөбүз», - деп радио- жана теле- алып баруучу, ошондой эле, бул аземдин да алып баруучусу Н. Токтосунова өзүнүн оюн билдирди.

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Аземге катышкан коноктордун арасында Кыргыз Республикасынын эл артисти жана "Санат" ТРК нын башкы мүдүрү Р. Аманова, «Кыргыз фильм» киностудиясынын башкы редакторунун орун басары А. Кубекова, белгилүү акын К. Бакиров, акын жана журналист З. Ажыматов болушуту.

Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду


Социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүсү  2-курстун студенти болду

4-04-2016, 15:32 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top