Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду германиялык КРИСП менен кызматташуу тууралуу талкуу курду

«Ыйман» фонду германиялык КРИСП менен кызматташуу тууралуу талкуу курду

2016-жылдын 30-мартында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков КРИСП (CRISP Community Resources in Service to People) уюмунун мүдүрү А. Мукенфус жана «Тынчтык диалогу» долбоорунун менеджери У. Нурумбетов менен жолугушту.

А. Мукенфустун айтымында КРИСП уюму 2007-жылы уюштурулуп, жарандарга билим берүү жана алардын чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча долбоорлордун негизинде эл аралык демократиялык маданиятты жайылтууга салым кошуу боюча иш жүргүзөт. Ошондой эле А. Мукенфус КРИСП башка группа жана уюмдар менен иштиктүү диалогго даяр деди.

«Ыйман» фондунун төрагасы фонддун диний билим берүү жаатында активдүү иш жүргүзүп жаткандыгын белгилеп өттү. Анын негизги өзөгүн жарандардын экстремисттик идеологиядан коргоо үчүн аларга туура маалымат жеткизүү жана калктын диний потенциалын жогорулатуу экендигин айтты.
"Фонд, КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы (ККБШ), УКМК нын алдындагы Терроризмге каршы күрөшүү борбору (ТККБ) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (КМДБ) менен биргиликте Улуттук Гвардиянын бир канча аскер бөлүмүндө жана өлкө аймагында бир катар семинар өткөрдү. Мындан тышкары биздин фонд КМДБ менен кызматташып Кыргызстандын баардык аймактарында имамдарга диний гана эмес, светтик да билим берүү семинарларын өткүрүүдө. Мындан аркы аркеттерибизде сиз жетектеген уюм менен кызматташууга биз да даярбыз”,-деди Н.Кадырбеков.

У. Нурумбетов: “Тынчтык диалогу» долбоору жаштардын диний экстремизм тууралуу маалыматын жогорулатуу максатында иш жүргүзөт. Бул долбоордун алкагында КРИСП «Дин, укук жана саясат» маалыматтык жана аналитикалык борбору, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (КМДБ) жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен биргиликте, 2015-жылы жаштарга диний экстремизм жана радикализм тууралуу маалымат берүү максатында бир канча семинар жана лекцияларды өткөрдү”, - деди долбоордун менеджери.

Жолугушууда андан тышкары Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөгү мамлекеттик саясаты концепциясын ишке ашыруу максатында, диний билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу долбоорлор тууралуу сүйлөшүү жүрдү.

8-04-2016, 12:49 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top