Кирүү | Катталуу

КМДБ аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күурөшүү үчүн үзгүлтүксүз билим алууга чакырды

КМДБ аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күурөшүү үчүн үзгүлтүксүз билим алууга чакырды

«Адамадын эӊ чоӊ байлыгы бул билим, светик да, диний да, жана биз аны үзгүлтүксүз толуктап жана өнүктүрүп туруубуз керек», - деп Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын (КМДБ) даават жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Б. Сайпиев айтты. Ал бул маселеге КР Улуттук Гвардиясынын 714-аскер бөлүмүнүн солдат, офицерлери менен болгон жолугушууда токтолду.
Семинар 2016-жылдан 4-апрелинде, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду, КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы (ККБШ) жана УКМК нын Терроризмге каршы күрөшүү борбору (ТККБ) тарабынан уюштурулду.


«Түндө автоунаа фарасыз жүрө албайт, жүрсө сөзсүз кырсыкка учурайт. Адам үчүн билим жашоодо, автоунаа үчүн фарадай”, - деп Б. Сайпиев сөзүн толуктады. Андан соӊ ал радикализм, экстремизм жана терроризмдин ар кандай формаларын чечкиндүү түрдө айыптап жаткан диндин негиздери жана аскердик кызматтын маанилүүлүгү, анын Исламдагы жогорку орду тууралуу сүйлөп берди.

КР ККБШ нын өкүлү Э. Касымов жана «Ыйман» фондунун төрагасы Н. Кадырбеков лекция окуду.

"Жарандардын коопсуздугу үчүн эл аралык терроризм менен күрөшүүнүн негизги күчү – бул аскерлер. Аларда жарандарыбызды азгырып жаткан экстремисттердин максаттары жана алар менен күрөшүүнүн ыкмалары тууралуу ар дайым маалыматы бар болушу керек. Экстремисттик идеология менен натыйжалуу күрөшүү үчүн диний маселелер боюнча жакшы кабардар болуу зарыл, себеби вербовщиктер өздөрүнүн кыйратуучу чакырыктарынын өзөгү катары диндин эрежелерин абсолюттук бурмалап туруп, “бейиш жашоосун” жана кудайдан көптөгөн соопторун убада берип жатышат”, - деди Э. Касымов
Лекцияларлан кийин катышуучулар кызыккан суроолорун беришти.
Ушул айда «Ыйман» фонду «Эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» долбоорунун алкагында КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жана УКМК нын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте бир канча консультациялык семинарлар жана лекцияларды уюштуруу боюнча пландар түзүлүүдө.

КМДБ аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күурөшүү үчүн үзгүлтүксүз билим алууга чакырды


КМДБ аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күурөшүү үчүн үзгүлтүксүз билим алууга чакырды


КМДБ аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күурөшүү үчүн үзгүлтүксүз билим алууга чакырды

11-04-2016, 12:11 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top