Кирүү | Катталуу

«Ыйман» жана «Мурас» фондунун вице премьер-министрдин кеӊешчиси менен биргеликте аткаруучу пландары

«Ыйман» жана «Мурас» фондунун вице премьер-министрдин кеӊешчиси менен биргеликте аткаруучу пландары

2016-жылдын, 4 апрелинде, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонудунун төрагасы Н. Кадырбеков вице премьер-министрдин кеӊешчиси А. Кулматов жана «Мурас» фондунун төрагасы Т. Чоротегин менен жолугушту.
Жолугушууда Тарых жана маданият жылына карата биргелешкен долбоорлор жана “Интеллектуалдык инвестициялар” аттуу добоордун алкагында өткөрүлүүчү лекция-семинарлар тууралуу сөз болду.

«Ыйман» фондунун төрагасы Н. Кадырбеков көпчүлүк адамдар инвестиция десе эле акча каражаттарын ойлошот, а негизи жарандардын интеллектуалдуу жана диний өнүгүүсү өлкүнүн өнүгүнүшүндө маанилүү фактор экендигине токтолду. «Биздин байкообузда, ушул сыяктуу иш-чараларды аймактарда көп өткөрүү зарыл», - деди.

Вице премьер-министрдин кеӊешчиси А. Кулматов бул иш-чараларды сапаттуу өткөрүү үчүн лекторлорду интеллектуалдуу жана чыгармачыл элитанын өкүлдөрүн тандаш керек деди.

“Мурас” фондунун төрагасы Т. Чоротегин, “Бирге аткарылуучу долбоордун натыйжалуулугун максималдуу түрдө камсыз кылууга биз ушул сыяктуу иш-аракеттерди өткөрүүнүн методторун жана механизмдерин макулдашыбыз керек”, - деп Т. Чоротегин сөзүн толуктады.

11-04-2016, 12:14 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top