Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фонду, ЕККУ жана КР УКМК тарабынан журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү

“Ыйман” фонду, ЕККУ жана КР УКМК тарабынан журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү

2016-жылдын 13-15-апрелинде Ош шаарында, “Эл аралык терроризм жана диний экстремизмди чагылдырууда ММКнын ролу” долбоорунун алкагында, журналисттер үчүн: “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” деген аталыштагы окуу семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүу фонду, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана КР нын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) демилгеси менен уюштурулду.

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков: “Акыркы жылдарда радикал уюмдардын өкүлдөрү Ислам динин жамынып, өздөрүнүн экстремисттик идеологиясын ишке ашырып жатышат. Террордук уюмдар, анын ичинде “Ислам мамлекети” деген, деги эле Ислам динине ылайык келбеген уюм, тынчтыктын дини болгон Исламдын атын террордук карасанатай аракеттерге аралаштырууда. Көптөгөн адамдар, арасында ММК тын өкүлдөрү да алардын идеологиялык капканына кабылып, адилетсиздик кылып Исламды терроризм менен ассоциациялап жатышат. А бирок бул терс аракеттер Исламдын эрежелерине эч туура келбегени анык. Булардын барынан агып чыгып, “диний экстремизм жана терроризм”, “исламист” деген ж.б. деген терминдер жаралып, кеңири колдонулуп калды. Бир эле сөз миңдеген мусулмандардын сезимдерине таасир бериши мүмкүн, ошондуктан диний маселелерди чагылдыруу абдан манилүү. Ошол себептен диний тематиканы чагылдырууда билим билимин үзгүлтүксүз жогорулатуу абдан актуалдуу болуп эсептелинет. Максималдуу жана эффективдүү натыйжага жетиш үчүн биз динди да, геополитиканы жакшы билген таанылган адистерди жана окумуштууларды окутуу процессине тартттык”, - деди.

“Ыйман” фонду, ЕККУ жана КР УКМК тарабынан журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү


Тренингте “Ислам багыттары”, “Исламдагы адам укугу”, “Исламдагы тынчтык жана согуш концепциясы”, “Салтуу Ислам жана анын азыркы дүйнөдөгү көйгөйлөрү”, “КР нын Ислам коомчулугу (КМДБ, окуу жайлары, Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ), жамааттар)”, “Жакынкы жана Орто Чыгыштын исламдык, саясаттык жана экстремисттик кыймылдары жана алардын Орто Азияга болгон таасири” аттуу темалар чагылдырылды.


Эске сала кетсек, өткөн жылы журналисттер менен дал ушул багытта иш жүргүзүлгөн жана бул проект анын логикалык уландысы. ММК нын өкүлдөрүн окутуу ушул жылдын жайында улантылат. Анда катышуучулар, экстремизм жана терроризмге байланыштуу окуяларды чагылдырууга профессионалдык чеберчилик, журналисттин өзгөчө кырдаалда өзүн алып жүрүү этикасы жана дин журналистикасынын принциптери боюнча кошумча маалымат ала алышты.

Дал ушундай эле семинар Бишкек шаарында да уюштурулат.

“Ыйман” фонду, ЕККУ жана КР УКМК тарабынан журналисттер үчүн тренинг өткөрүлдү

14-04-2016, 14:54 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top