Кирүү | Катталуу

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, КР УКМКнын Террорго каршы күрөшүү борбору жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы күч органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларын улантууда. Кезектеги жолугушуу 2026-чегара кызматынын аскердик бөлүгүндө 2016-жылдын 16-апрелинде өттү.

Аталган жолугушуу, “Дин жана коопсуздук” орток долбоордун алкагында уюштурулду. Бул долбоор “Ыйман” фонду, КР УКМК жана КМДБ менен биргеликте ишке ашууда.
Жолугушууга аскердик бөлүктүн жалпы курамы, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана УКМКнын өкүлү катышты. Аскерлерге Ислам дининин негиздери, экстремисттер жөнөкөй жарандарды кантип адаштырып, идеологиялык сокку уруп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы идеологиялык күрөш жүргүзүүдө эмнелерге көңүл буруу керек экендиги талкуунун жүрүшүндө сөз болду.

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү


“Эгер адам колуна бычак же балта алган учурда жанындагы адамда коркуу сезими пайда болсо, анда ал адам колундагы куралды колдонбосо да жынындагыга коркунуч алып келгендиги үчүн Жараткан алдында жооп берет. Ал эми курал колдонуп, бирөөгө зыян келтиргендигинин акыбети тууралуу сөз кылбай эле коёлу. Исламда инсан инсанга чаңдын көлөмүнчөлүк да зыян кылуусуна тыюу салат. Өкүнүчтүүсү биздин жарандар экстремисттердин, идеологиялык тузагына илинип, маселенин анык-каныгына барбай ээрчип кетип жаткандыгы”, - деди Максатбек ажы Токтомушев.

“Экстремизм жана терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүүдө, жарандар дин тууралуу, Исламдын негиздери тууралуу, Исламдагы ата-мекенди коргоо, гумандуулук, сабырдуулук, зордук-зомбулук жана анын акыбети тууралуу маалыматы болуш керек. Мындай маалыматтарга ээ болгон адам экстремисттик идеологияны ээрчибейт. Акыйкатты өзү тандоого эрки жетет”, - дейт “Ыйман”фондунун долбоорлорунун координатору Жанаргүл. Исакбаева.
Жолугушуунун соңунда аскерлер Муфтийге суроо берип, жооп ала алышты.
Эске сала кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясынын алкагында уюштурууда.

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

«Ыйман» фонду, КР УКМК жана КМДБ чегарачылар менен “Дин жана коопсуздук” тема боюнча жолугушуу өткөрүштү

15-04-2016, 11:54 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top