Кирүү | Катталуу

КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"

КР ККБШ аскерлерге:

«Биз экстремиcттик идеологияга каршы артиллерия куралдарын же танктыкое албайбыз. Биз ал идеологоияга өзүбүздүн андан да күчтүү идеологиябызды сушунташыбыз керек. Идеология – бул сөз жана маалымат. Ошондуктан экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн негизги фактору бул массалык маалымат каражаттары. Бул себептен калкка туура маалымат берүү, биз үчүн негизги маселе болушу керек”, - деп 2014-2020 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты концепциясын ишке ашыруу алкагына уюштурулган семинарда “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков оюн билдирди.

Бул иш-чара 2016-жылдын 5-апрелинде КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын (ККБШ) 73 809 аскер бөлүмүндө “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, ККБШ жана УКМК нын Терроризмге каршы күрөшүү борбору менен биргиликте уюштурулду.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын (КМДБ) жаштар менен иштөө жана даават бөлүмүнүн башчысы Б. Сайпиев, аскерлердин иши жеңил эмес, бирок анын диндеги орду бийик жана өз мекенин душмандардан коргоо үчүн Исламда көптөгөн сооптор бар экендигин айтты. Бирок “душмандар” деген сөздө ким айтылып жатканын туура түшүнүү керек экендгин баса белгиледи.

КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"


“Душман катары эч бир күнөөсүз адамдар менен согушам деп, бөтөн өлкөнүн согушуна катышуу Исламдын эрежелерине карама каршы экендиги анык. Ислам үчүн согушуп жатабыз деген такфиристтер жөнөкөй адамдарга жамандык жана адилетсиздик жасоо үчүн ар кайсы жерден себеп таба алышат. А бирок ошол эле учурда чыныгы Исламда адамдын намысы, кадыр-баркы жана өмүрү кол тийбес болушу керек”, - деди Б. Сайпиев.

УКМК ТККБ гу КР ККБШ өкүлү Э. Касымов: “Кыргызстанда акыркы жылдарда динди карманган мусулмандар кыйла көбөйгөндүктөн биз жарандарыбызга туткан дини тууралуу текшерилген маалымат менен камсыз кылуубуз керек. Ошондуктан, силер, урматтуу аскерлер, китеп, журнал жана башка диний адабиятты окуудан мурда, сөзсүз түрдө анын КМДБ жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комитети (ДИМК) тарабынан бекитилгендерин гана тандооңор керек”, - деп Э. Касымов кеңеш берди.

КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"


КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"


КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"


КР ККБШ аскерлерге: "Диний адабиятты окууда КМДБ жана МДИК текшергендерди тандагыла"

13-04-2016, 19:18 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top