Кирүү | Катталуу

Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө

Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө

2016-жылдын 6-мартында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасы (КМДБ) менен биргеликте КР нын Мамлекеттик чегара кызматынын борбордук аппаратынын кызматчыларына “Эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү” аттуу темада семинар өткөрдү.
Бул иш-чара аскерлерге диндин экстремизм жана терроризмге болгон көз карашын түшүндүрүү жана мамлекттик саясаттын дин чөйрөсүндөгү ордун талкулоого арналган.

“Ыйман” фондунун төрагасы катышуучуларды фонд жүргүзгөн иштер жана проекттер менен тааныштырган соң, экстремисттик идеологиянын биздин өлкөбүзгө болгон таасирин белгиледи.
“Силер биздин өлкөбүздү экстремизм жана терроризмден коргоодо биринчи катарда турасыңар. Бул абалдын начарлашын алдын алуу үчүн биз да идеологиялык иш жүргүзүшүбуз керек. Элге Исламдын эң жөнөкөй эрежелери тууралуу кылдаттык менен маалымат берүү биздин идеологиялык компаниянын бир бөлүгү. Эгерде, биз калкка жана аскерлерди дин жөнүндө туура маалымат менен камсыз кылбасак, бул маселени сырттагы радикалдар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп алышат”, - деди Н. Кадырбеков.

Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө


КМДБ муфтийинин орун басары А. Эргешов терроризм жана экстремизмде ачык көрунүп турган зулумдук, зордук-зомбулук жана киши өлтүрүүгө Исламда жол берилбестиги тууралуу айтып берди.
Чындыгында радикализация, экстремизм жана терроризм көйгөйү бир динди тутунган адамдарга гана эмес, баардык адамзатка тиешелүү. Силер, колуңарга курал кармап бизди коргойсуңар, а биз болсо силерге жерибизди жана жарандарыбызды коргоо үчүн маалымат чөйрөсүндө колдоо көрсөтөбүз”, - деди А. Эргешов.
Андан соң катышуучулар дин негиздери жана мекенди коргоонун Исламдагы орду сыяктуу кызыккан суроолорун берип жоопторун алышты. Андан кийин “Ыйман” фонду чегарачыларга эл аралык экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча идеологиялык даярдыкка пайдалуу бир канча китептерди белекке тапшырды.

Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө


Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө


Өлкөнүн чегара кызматы аскерлерди экстремизм жана терроризм менен күрөшүүгө үйрөтүүдө

Булагы: http://iyman.kg/uploads/posts/2016-04/1461651617_r.rsrrsrr.jpg

13-04-2016, 21:00 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top