Кирүү | Катталуу

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

15-апрелден 21-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Бишкек жана Ош шаарындагы ЖОЖ студенттери менен жолугушту.

Жолугушуулар “Улуттук маданият, билим жана дин” долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы (КМДБ) тарабынан Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Бул иш-чаралар Бишкектеги КР Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде (КМУ) жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп өттү. Ош шаарында, Ош технологиялык университетинде (ОшТУ), Ош гуманитардык педагогикалык институтунда (ОГПИ) өттү.

Муфтий жаштарга кайрылуусунда, динди ар кандай түшүнүп жана чечмелешет, бирок дин жаман иштерди, кылмыштарды жасоо үчүн эмес, жакшы, сооптуу иштерди жасоого үгүттөө үчүн берилген. Адам кайрымдуу иштерди жасай алыш үчүн ар тараптан өнүккөн болушу зарыл экендиги тууралуу айтып берди.
“Ошол себептен, жаштар, мөмө берген дарак болгула, өзүңөрдү өнүктүрүп коомчулукка пайда алып келгиле, эгерде пайда кыла албасаңар жок дегенде зыян тийгизбегиле. Бири бириңирдин маанайын көтөргүлө, болбосо жок дегенде капа кылбагыла. Бири бириңерге жөлөк болгула, мактап тургула, бири бириңерди жамандабагыла, аркаңардан сөз сүйлөбөгүлө. Мунун баары инсандын маданиятынын өзөгү” – деди Азирети муфтий.

Стунденттер Максатбек ажыга суроолорун берип, радикалдар жана экстремисттердин таркатып жаткан идеологиясынан коргонууну сыякттуу ар кандай көйгөлүү маселе боюнча насаат сурашты.

Жолушууларда студенттер менен бирге аталган окуу жайлардын окутуучулук курамдары жана башкармалыктары да катышып, Азирети муфтийге жаштарга айтылган насаат сөздөрү үчүн терең ыразычылыгын билдиришти.
“Ушундай урматтуу адам, Кыргызстан мусулмандарынын диний башчысы ЖОЖды кыдырып, жаштар менен маектешип жатканы үчүн биз абдан кубанычтабыз. Чындыгында абдан маанилүү сөздөр айтылды, мындай насааттарды ар бирөө айта бербейт жана ар кайсы жерден уга албайсыңар”, - деди И. Арабаев атындагы КМУ тин ректору Т. Абдрахманов.
Эскерте кетсек, бул долбоор өлкө аймагы боюнча өткөрүү пландалууда.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”


"Манас" Кыргыз-түрк университети

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”


Ош технологиялык университети

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”


Ош гуманитардык педагогикалык институту

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”


КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

Азирети муфтий: “Мөмө берген дарак болгула”

26-04-2016, 14:39 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top