Кирүү | Катталуу

Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” аттуу тренинг өттү

Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” аттуу тренинг өттү

2016-жылдын 20-апрелден 22-апрелине чейин Бишкек шаарында массалык маалымат каражаттарынын (ММК) өкүлдөрү үчүн “Эл аралык терроризм жана экстремизмди чагылдырууда ММКнын ролу” долбоорунун алкагында тренинг өткөрүлдү.
Аталган иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүу фонду, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) демилгеси менен уюштурулду.

Тренингте КТРК, “Пирамида” ТРК ЭлТР, Аян ТВ, 5-канал, “Азаттык”, “Марал” радиосу, “Биринчи радио”, “24kg”, “Кабар”, “Vesti.kg”, “K-News”, “Франс Пресс”, “Radar.kg”, “Zanoza.kg” маалымат агенттиктери жана “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана”, “Жаңы Агым” аттуу гезиттердин өкүлдөрү катышты.
Үч күндүк программага: “КР нын Ислам коомчулугу (КМДБ, окуу жайлары, Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ), “Ислам багыттары”, “Исламдагы адам укугу”, “Исламдагы тынчтык жана согуш концепциясы”, “Жакынкы жана Орто Чыгыштын саясаттык жана экстремисттик кыймылдары жана алардын Орто Азияга болгон таасири” ж.б. аттуу бирин бири толуктаган темалардын комплекстери кирип, журналисттер максаттуу көйгөйдү чагылдырыш үчүн өздөрүнүн дин тууралуу башталгыч билимдерин толуктаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Программанын аягында, тренингтин жыйынтыгы жана сертификаттарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты. Өз сөзүндө ал экстремисттик идеологиянын жайылуусуна жол бербөө үчүн жарандарга дин жөнүндө туура маалымат берүү ММКнын негизги маселеси болушу тууралуу айтып өттү.
“ММКнын өкүлдөрү калктын коопсуздугун коргоону камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт жана биз, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, сиздер менен бул жаатта кызматташууга даярбыз”, - деди Азирети муфтий.

Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” аттуу тренинг өттү


ЕККУнун саясат маселелер боюнча кеңешчиси Артем Азнаурян коомдун кээ бир бөлүктөрү экстремисттик идеологиянын таасирине кабылгандыгы жөнүндө жана туура эмес колдонулган сөз, калктын дээрлик бардык көзүнө жана кулагына жеткендиги үчүн журналисттердин жоопкерчилиги өтө чоң экендигин айтты.
“Ар бир айтылган жана жазылган сөздү моралдык баалуулуктардын фильтринен өткөргүлө. Көп нерсе силердин жагдайды кандай түрдө кабыл алышыңардан көз каранды, себеби силер доктурлардай адамдардын тагдырына жооптусуңар. Сөз, айрым учурда куралдан да күчтүү экенин унутпаңыздар”, - деди Артем Азнаурян.

Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” аттуу тренинг өттү


“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков фонд КР УКМКнын алдындагы Терроризмге каршы күрөшүү борбору, КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жана КР Чегара кызматы менен биргеликте аскерлер үчүн экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча өлкөнүн ар кайсы тарабында бир канча семинар жана лекциялар өтүп жаткандыгын айтты.
“Бул иш-чаралардын баары экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө идеологиялык компания. Жана массалык маалымат каражаттары бул иште негизги натыйжалуу жана таасирлүү курал болуп эсептелинет. Ошол себептен журналисттер менен ушул багытта иш алып баруу өтө актуалдуу”, - деди Н. Кадырбеков.

“Албетте, үч күндүн ичинде Исламдын баардык багыттарын үйрөнүү мүмкүн эмес, себеби маалымат абдан кыскартылган түрдө берилди. Бирок, ушул үч күндүн ичинде сиздердин кесибиңиздерге пайдасы тийген, ММК кызматкерлерине керектүү, негизги маалыматтарды берүүгө аракет кылдык. Мындан аркы кесиптик чеберчилигиңиздерди арттырууда бул маалыматтардын пайдасы тиет деген үмүттөбүз”, - деп КР УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Эскерте кетсек дал ушундай семинар Ош шаарында 13-15 апрелинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын журналисттери үчүн өткөрүлгөн. Бишкек жана Ош шаарында уюштурулган тренингтер, долбоордун биринчи этабы жана экинчиси май айына пландаштырылууда. Долбоордун экинчи этабында катышуучулар көйгөйдү максаттуу чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча кошумча билим ала алышат.

Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Заманбап дүйнөдөгү Ислам дини” аттуу тренинг өттү

26-04-2016, 18:06 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top