Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фонду жана УКМК Институтунун атайын кызматкерлери үчүн радикализмге алдын алуу боюнча окутуу өткөрдү

“Ыйман” фонду жана УКМК Институтунун атайын кызматкерлери үчүн радикализмге алдын алуу боюнча окутуу өткөрдү

2016-жылдын 25-30-апрели аралыгында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.К. Бакаев атындагы Институту менен биргеликте «Негизги диний багыттар, салттуу Ислам жана илимий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу УКМКнын өлкө боюнча кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курсун өткөрдү.

“Заманбап шарттарда терроризм жана экстремизм диндин атын жамынып жатышат, бирок бул коркунучтуу көрүнүштөр ал менен эч кандай байланышы жок экендиги анык. Жана дал ушул факт Исламдын жана илимдин аргументтери аркылуу бул курстардын жүрүшүндө кеңири ачылып экстремизм жана эл аралык терроризмге алдын алуу жана чечүү жолдору талкууланды”, - деди УКМК Институтунун окутуучусу Марат Абдылдаев.

Курста “КР салттуу Исламдын негиздери”, “Исламдагы негизги багыттар”, “Диний радикализмге Исламдын көз карашындагы контраргументтер”, “Диний радикалдардын психологиясы”, “Исламдагы негизги термин жана түшүнүктөр” сыяктуу темалар чагылдырылды.
КР Аалымдар кеңешинин мүчөсү жана “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбордун башчысы Кадыр Маликов, КР Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын (КМДБ) Даават жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери , КР Аалымдар кеңешинин мүчөсү Данияр Мурадилов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) башкы адиси Денис Пышкин, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) теология факультетинин окутуучусу Зайлабидин Ажымаматов, Кыргыз-орус славян университетинин мугалими Владимир Школьный, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин теология факультетинин орун басары Бакыт Мурзараимов жогоруа айтылган темалар тууралуу сабак өтүштү.

Иш-чараны жабылышы жана сертификат ыйгаруу аземине “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков жана А.К. Бакаев атындагы УКМК Институтунун башчысы Болот Абдрахманов катышты. Аземдин жүрүшүндө уюштуруучулар эки тараптуу кызматташууга кол коюшту.
“Бүгүн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана УКМКнын А.К, Бакаев атындагы Институту ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганын айтууда кубанчытамын”, - деди Институтттун башчысы Б. Абдрахманов.

“Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков экстемизм жана терроризм менен каршы күрөшүү – бул бир уюм менен күрөшүү эмес, бул идеология менен күрөшүү. “Сөз, маалымат жана билим берүү аркылуу идеологиялык күрөш жүргүзүү зарыл, себеби бул эң натыйжалуу жолу. Биз калк арасында түшүндүрүү иштерди өткөрүшүбүз керек, бирок күч органдарга да маалыматтык жактан көмөк беришибиз абзел, себеби алар элдин коргоосу”, - деди фонддун төрагасы.

“Ыйман” фонду жана УКМК Институтунун атайын кызматкерлери үчүн радикализмге алдын алуу боюнча окутуу өткөрдү

10-05-2016, 12:43 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top