Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады

2016-жылдын 6-майында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин К. Тыныстанов атындагы конференц-залында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Ант” романынын бет ачары болуп өттү.

Китепти бет ачарына КР Презиндентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов, акын, котормочу, “Эркин-Тоо” гезитинин кабарчысы Карбалас Бакиров, билим берүүнүн отличниги, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Маркабай Ааматов, кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана академик Бектемир Мурзубраимовтар катышты.

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


Э. Эрматов өз сөзүндө, азыркы кыргыз адабиятында жаңы импульс жана жаңы авторлор керектиги жөнүндө айтты. "Нуржигит бул чыгарманы жазуу менен азыркы жаш калемгелер арасында мыкты өсүп келе жаткан жаш жазуучулардын бири экенин далилдеди. Бул “Ант” романында дүйнөлүк классикалык чыгармалардын айрым өзгөчөлүктөрү кездешет. Чыгармада япон жана орус адабиятынын айрым үлгүлөрү бар”, - деди.

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


Б.Мурзубраимов: “Бул романды бир дем менен башынан аягына чейин окуп чыктым. Чынында мен үчүн абдан жакшы таасирлерди калтырды, ошондуктан, бул чыгарманы окууга чакырам. Нуржигитке айтаарым, азаматсың, эми келечекте ушул менен токтобой, мындан да жакшы, терең жана пайдалуу чыгармаларды жаратасың деген үмүттөмүн. Калемиң курчуй беришине тилектешмин”, - деди академик Мурзубраимов.

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


Бет ачар аземде автор жаштарга кайрылып, кимдир бирөөдөн жардам күтпөстөн коомдун алдында жоопкерчиликтүү болууга жана прогрессивдүү инициативаларды алдыга чыгарууга үгүттөдү. “Чыгарманын каарманы да келечегин жагымдуу гана элестетип, өз кадырын сезген адам катары сүрөттөлгөн. Кыялдар орундалат, ошондуктан биз жарык келечегибизге ишенели. Жакшы максат, ага жетүүгө аракеттенүү, үзгүлтүксүз өзүн өзү өнүктүрүү жана өлкөнүн алдында жоопкерчиликтүү болуу – бул биздин жалпы ийгилигибиздин сыры”, - деди автор.

“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады


“Ыйман” фондунун төрагасы өз китебин презентациялады

10-05-2016, 12:47 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top