Кирүү | Катталуу

Борбордук Азияда биринчи жолу “Адамзаттын асыл мурастары” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүүдө (видео)

Борбордук Азияда биринчи жолу “Адамзаттын асыл мурастары” аттуу сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүүдө (видео)

2016-жылдын 12-27-май аралыгында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Абазбек Апиевдин жеке сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүдө.



Көргөзмөдө сүрөтчүнүн Стамбулдагы Топ Капы музейинде сакталган артефакттардын негизинде тартылган 40-ашуун эмгектери сунуш кылынат, анын арасында Мухаммед пайгамбардын (Ага тынчтык болсун) кийиминин, Юсуф пайгамбардын селдесинин, Муса пайгамбардын аса таягы да бар. Ошондой эле Индиядагы чыгыш архитектуралык эстеликтери ж.б. көркөм сүрөт өнөрүн чагылдырган эмгектери көрсөтүлөт.

А. Апиевдин көргөзмөсү Турция жана Индияда өткөрүлгөн жана Борбордук Азияда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Автор бул сүрөттөрдүн үстүндө 2009-жылдан бээри эмгектенген. Анын айтымында бул эмгектердин максаты биздин жарандарыбызды чыгыш маданиятынын архитектуралык эстеликтери менен тааныштыруу. “Биздин да маданиятыбызга таасир берип, из калтырган чыгыш элинин маданияты бул сүрөттөрдү тартууга илхам болду. Көргөзмөнүн коноктору байыркы чыгыштын атмосферасына кирип, өздөрү үчүн мүмкүн биздин бай маданиятыбызды изилдөөгө багыттаган жаңы бир нерсе ача алышат деген үмүттөбүз”, - деди А. Апиев.

10-05-2016, 13:10 | Категория - Жаңылыктар, Видеолор |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top