Кирүү | Катталуу

ИИМ 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине экстремизмге каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү

ИИМ 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине экстремизмге каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү

2016-жылдын 10-14-май аралыгында Бишкек шаарында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине “Диний экстремизме каршы күрөшүүдө практика жана теория негизинде диний уюмдар менен иштөө” аттуу семинар өткөрүлдү. Аталган семинар “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана ИИМ 10-башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Окууга Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын кызматкерлери катышышты. Курска “Радикализм жана экстремизмдин маңызы жана азыркы учурдагы коркунучу”, “Диний экстремисттик уюмдардын Борбордук Азия жана Кыргызстандагы жүргүзгөн иштери”, “КРдагы ислам коому”, “Заманбап геосаясаттагы Ислам дини”, “Диний экстремизмди укуктук аспекттер аркылуу алдын алуу”, “Интернет мейкиндигинде диний экстремизм менен каршы күрөшүүнүн өзгөчөлүктөрү” ж.б. темалар камтылды.

Албетте, диний маселелерди үйрөнүп чыгууга убакыт аз, себеби динди негизин түшүнүүгө айлар, жылдар кетет. Лекторлор ушул аз убакытта болсо дагы бизге Кыргызстан үчүн салттуу болгон Ислам тууралуу түшүнүктүн фундаментин курууга аракет жасашканы бул семинардын жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө далил болду. Жана бул көрсөткүч биздин өз ишибиздин сапатынына таасир берет деп ишенебиз. Кыргызстандын жарандарын күч жагынан гана эмес, маалымат жагынан да коргоо үчүн, биз сөзсүз түрдө кесиптештерибиз менен алган билим жана маалымат менен бөлүшөбүз”, - деди милициянын подполковниги, Русланбек Осмоналиев.

Окуунун аягында ар бир катышуучуга атайын сертификаттар ыйгарылды. “Ыйман” фонду мындан ары да өлкөнүн коопсуздугу, жана жарандардын туура маалымат менен камсыз болуусу үчүн дал ушундай семинарларды өлкө аймагы боюнча уюштурууну колго алууну пландоодо.
Эскерте кетсек, дал ушундай семинар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ИИМ 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн 8-22-апрель аралыгында өткөрүлгөн.

ИИМ 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине экстремизмге каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү


ИИМ 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине экстремизмге каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү


ИИМ 10-башкы башкармалыгынынын кызматкерлерине экстремизмге каршы күрөшүүдө диний уюмдар менен иштөө боюнча семинар өткөрүлдү

20-05-2016, 14:42 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top