Кирүү | Катталуу

Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады

Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады

2016-жылдын 18-май күнү КР Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү” атуу сөздүк китепченин бет ачары өткөрүлдү.

Бул китеп КР Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын (КМДБ) билим берүү бөлүмүнүн сунушунун негизинде “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан басылып чыккан.

Бет ачарга КР Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, КР УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, акын, билим берүүнүн отличниги Маркабай Ааматов, “Эркин Тоо” гезитинин маданият, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчычы Карбалас Бакиров жана теология факультеттеринин декандары катышышты.

“Замандын агымына, дүйнөдө болуп жаткан жарыяндарга, кубулуштарга жараша тил да өнүгүп-өсүп, жаңыланып, байып турат экен. Технологиянын батыл өнүгүшү менен мындан он жыл илгери акылыбызга келбеген, оюбузга кирбеген канча жаңы сөздөр тил каныбызга кошулду. Ошондой эле акыркы 10 жыл аралыгында динге жакындагандардын көбөйгөнү коомдо руханий өңүттөгү өзгөрүүлөр жүрүп жатканын көрсөтөт. Жана диний темада сүйлөгөндөрдүн айрымдары нукура кыргыз тилинин ченемдерин, мыйзамдарын анчейин сактай бербегени чындык. Адабий тилде так сүйлөбөгөнүн айтпаганда да, башка тилден киргизген сөздөрдүн маани-маңызын толук ачыктабай колдоно берүү өнөкөт болуп бараткансыйт. Ошону эске алуу менен, диний сөздөрдү жатык тилде кыска-нуска түшүндүрүү ниетинде “Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү” китепчесин чыгардык. Светтик же диний деп бөлүнбөстөн дин аалымдар менен илипмоздордун биргелешип иштей баштаганы абдан жакшы саамалык. Жана бул китепче элибиздин тил маданиятынын өнүгүүсүнө орчундуу салым кошот деп үмүттөнөбүз”, - деди “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков.

Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


КР Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өз сөзүндө бул сөздүктүн уникалдуулугун белгилеп: “Буга чейин диний жана илимий сфералардын окумуштуулары биригип жазган бир дагы китеп же илимий иш жок болчу. Негизи эле өлкөбүздө диний темадагы өзүбүз чыгарган адабият жок. А башка тилдеги диний адабиятты кыргыз тилине которууда, тексттин мазмунун туура чагылдырууда жана башка Исламдын атрибутикасына тиешелүү сөздөрдүү жазууда, абдан көп кыйынчылыктар кездешет. Ошондуктан биз ушундай сөздүк басылып чыкканына абдан кубанычтабыз”,-деди Азирети муфтий.

Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


КР УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев: “Дин – бул чоң илим, ошондуктан аны узгүлтүксүз окуп жана аны өздөштүрүш керек. Кыргыз фольклорунда диний тема абдан көп жана алар “Манас” эпосунда дагы кездешет. Ушунун негизинде биз, чакан болсо дагы мазмундуу диний терминдердин сөздүгү илимий ишкерлерге жана бүткүл коомго диний түшүнүктөрдү туура аныктоо жана аларды туура пайдаланууда көп пайдасы тиет деп айта алабыз”, - деди.

Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


Эске сала кетсек, “Ыйман” фонду “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында буга чейин “Улуу имам Абу Ханифа”, “Табигат сырлары”, “Калем жана ыйман” аттуу китептерди чыгарган.


Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады


Cветтик жана диний окумуштуулар жарандарга диний билим берүүдө чогуу иштешип баштады

20-05-2016, 15:13 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top