Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фонду Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнесин өткөрүүдө

“Ыйман” фонду Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнесин өткөрүүдө

2016-жылдын 23-майында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жаш төкмө акындардын Кыргызстан боюнча турнесин баштайт.

Бул турне Тарых жана маданият жылына карата “Улуттук маданият, билим берүү жана руханият”долбоорунун алкагында өткөрүлүп, 23-май күнү борбор калаабызда башталат. Бул күнү Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш акындардын айтышы болот.

“Бул иш-чара улуттук маданиятты сактоо, руханий байлыгыбызды жогорулатуу жана жарандарыбызга ата-бабадан калган асыл мурастарыбызды, руханий баалуулугубузду жандантуу максатында уюштурулууда. Турне улуттук маданиятты, нарк-насил, каада-салтты жайылтуу максатында гана эмес, жаш акындардын өз өнөрлөрүн өстүрүүгө, эл алдына чыгып такшалуусуна да мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм”, - дейт жаш акын Баян Акматов.

Жаш болгонуна карабай эл алдына чыгып такшалып калган, жаш акын Кубат Тукешов: “Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Барпы сындуу 18-19-кылымдын белгилүү акындары элди маданий жана руханий баалуулуктарга үгүттөшкөн жана бул искусство аркылуу кыргыз элин тарбиялашкан. Ошондуктан, “Ыйман” фондунун демилгеси менен, аталарыбыздын салтын сактап, өлкө боюнча турне кылалы деп чечтик. Себеби ата-бабаларыбыз элибиздин маданий жана руханий потенциалын жогорулатуу жана тарбия берүү миссиясы менен кыргыз жерин ат минип, керек болсо жөө жүрүп кыдырышкан”, - деди.

Эскерте кетсек, Бишкектеги иш-чара бүткөн соң, 25-май күнү акындар Нарын облусуна сапар тартышат, андан кийин 26-28-май аралыгында Жалал-Абад облусунда да дал ушундай эле жаш акындардын айтышы өткөрүлөт.

“Ыйман” фонду Тарых жана маданият жылына карата өлкө аймагы боюнча төкмө акындардын турнесин өткөрүүдө

25-05-2016, 16:55 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top