Кирүү | Катталуу

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


2016-жылдын 23-майында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду уюштурган жаш акындардын айтышы болуп өттү.

Бул иш-чара “Ыйман” фондунун Улуттук маданият, билим берүү жана руханият долбоорунун алкагында элдин руханий көрөңгөсүн арттыруу жана улуттук маданиятты сактоо максатында Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлдү.

Калыстар тобунда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Маданият, тарых жана тил” телеканалынын башкы редактору Гүлмира Кулумбаева, акын жана “Эркин Тоо” гезитинин маданият, адабият жана тил бөлүмүнүн башчысы Карбалас Бакиров жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) коом менен байланыш боюнча координатору Жолдошбек Бузурманкулов болушту.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча баш байгени Кубат Тукешов багындырса андан кийинки орундарга төмөнкү акындар ээ болушту:

1-орун - Жылдызбек Төрөканов
2-орун - Гүлмира Айбаш кызы жана Жамайка Токонова
3-орун - Мамбеторозо уулу Мамбеттокто

“Маданият, тарых жана тил” телеканалынын башкы редактору Гүлмира Кулумбаева: “Мени катышуучулардын профессионалдуулугу кубандырды, ар бири өзүнүн чеберчилигин, талантын көргөздү. Өсүп келе жаткан жаш акындар келечекте айтыш өнөрүнүн залкарлары болору анык. Өз заманынын залкары болгон Эстебес, Ашыралы, Тууганбай жана Замирбектер да өнөр сересине дал ушинтип баш баккан. Алардын жолун улап Элмирбек, Жеңишбек, Амантай , Аалы, Азаматтар чыкса, эми минтип ошол улуу жолду улап акындардын дагы бир сүрмө тобу келе жатат. Залда абдан жагымдуу маанай болду, себеби жаш жигит-кыздар угармандардын жүрөктөрүнөн орун алып, эл менен төкмөлөрдүн ортосунда жандуу байланыш түзүлдү”, - деди.

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


Белгилүү акын Карбалас Бакиров: “Айтыш атадан калган улуу өнөр, уучубуз кур эмес экен улуудан калган өнөрдү минтип жаш төкмөлөрдүн улантып жатканы кубандырат. Эл ушундай улуттук музыкага, улуттук өнөргө суусап турганы көрөрмандардын кол чабуусунан, колдоп коштоосунан даана байкалып турду. Илгери элдин жарпын жазып, ошол эле учурда рухий азык берген дал ушул акындар болгон. Биздин азыркы акындар да ушул улуу вазыйпаны моюнуна алып жатканы эрдик. Жаш акындарга баракелде”!

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


Эске сала кетсек, дал ушул эле айтыш 25-майда Нарын шаарында, 26-28 майда Жалал-Абад облусунда өтмөкчү.

"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!


"Жаш акындардын айтышына баракелде"!

25-05-2016, 17:09 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top