Кирүү | Катталуу

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү

Ошто аялдар үчүн

2016-жылдын 31-май күнү Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында 400 аялдын катышуусунда "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Улуттук маданият, билим берүү жана руханият” долбоорунун алкагында "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" темасында семинар болуп өттү.

Семинарга “Ыйман” фондунун түштүк аймактагы өкүлү Медер Абдыманапов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, казынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Бөрүмухамед Эсенов катышты.

Облус казысы Самидин кары Атабаев "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" аталышындагы докладын окуп, исламдагы аялзатынын орду жана үй-бүлөдөгү никенин негизги маңызына токтолду. Үй-бүлө курууда бойго жеткен кыздарды убагында турмушка берүү зарылдыгы, бойго жеткен кыздын макул болуп турмушка чыгуусу күйөөсүнүн ыйманын бүтүн кылаарын эскертип, андыктан кыз баланы турмушка даярдоодо исламдын принциптерине маани берүү пайдалуу экендигин айтты. Мындан сырткары балдарды тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги, коомго пайдалуу перзент өстүрүү маселесин түшүндүрүп, баланын тарбиясы эненин курсагында болгон кезден калыптанаарын айтты:

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү


"Эне баланы эмизип турган абалда ар түрдүү жаман нерселерден көзүн сактасын себеби, эненин көзү аркылуу кабыл алынган нерселер сүт аркылуу балага өтөт. Баланын жаңы төрөлгөн чүрпө кезинде кулагына жакшы сөздөрдү айтып тарбия берүүсү маанилүү. Ал ошол убакта кабыл алууга муктаж учуру болуп саналат. Баланын тарбияны кабыл алууга муктаж учурун ар бир ата-эне байкап, ошол кезде балага ушак, гыйбат сөздөрдү угузуудан сактап, жакшы өрнөктөрдү үйрөтүүсү зарыл. Эне деген мектеп - бул коомдун келечегин тарбиялоонун башаты. Эгер ал мектеп оңолсо-бүт коом да оңолот", – деди облус казысы.

Семинардын 2-бөлүгүндө аялзатынын турмуштагы көйгөйлүү маселелери боюнча суроо-жооп уланып, облус казысы тиешелүү жоопторду берди. Үч саатка созулган семинар пайдалуу болгондугуна ыраазы болгон энелер өз баталарын беришти.

Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү


Ошто аялдар үчүн "Үй-бүлө куруунун мазмуну жана максаты" түшүндүрүлдү

3-06-2016, 12:17 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top