Кирүү | Катталуу

Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү

Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү

Жалал-Абад шаарында “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” аттуу мечит имамдары үчүн семинарлар өттү. Биринчи семинар 2-13-май аралыгында өтүп, анда Талас облусунун 120 имамы катышты.

Экинчи семинар ошол эле жерде 14-24-май аралыгында өттү, жана анда Ош облусунун Өзгөн, Карасуу райондорунун жана Жалал-Абад менен Талас облусунун имамдары катышты. Экинчи бөлүмдө 114 имам катышып, анын 110 сынактан өттү.

Окутуу программасына Куран, Тафсир, Хадис, Акыйда, Исламдагы мамлекеттик курулуш, Фикх, Имамдардын ишинин негиздери, Мечиттердин ишинин негиздери, Ислам тарыхы, Тайм-менеджмент, IT-техгологиялар ж.б. сабактар кирди.

Катышуучулардын биринин айтымында семинарлар абдан пайдалуу болду: “Ар бир сабактын пайдасы тийди деп ойлойм.Ар бири биздин иш-чараларыбызга өтө актуалдуу экен. Окутуучу лекторлор теология факультеттеринин мугалимдери жана белгилүү диний эксперттер болуп өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көргөздү. Сабактарда биз акыйдадан көптөгөн маанилүү нерселерди ала алдык, бирок, убакыт аз болду. Семинардын убактысын узартуусун каалар элем, себеби дин – бул бүтүн бир галлактика жана аны окуп-изилдешке жылдар керек. А биз, имамдарына аны “ийненин учуна чейин” изилдешибиз зарыл, анткени биздин мойнубузда элдин алдында чоң жоопкерчилик бар.Ошондой эле ушундай семинар, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк өткөрүү керек деп ойлойм. Себеби диний маселелердеги сабатсыздык көтөгөн жамандык алып келген, тыюу салынган секталарга алып келиши мүмкүн”, - деди Бакай-Ата райондук мечитинин имам-хатиби Рысбек Кокумов.

Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү


Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү


Жалал-Абадта имамдар үчүн семинар болуп өттү

31-05-2016, 12:38 | Категория - Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top